Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Парижде өткөн Олимп оюндарында катышкан спортчуларды сыйлоо аземи болду. Ага президент Садыр Жапаров катышты.
Олимпиадада күмүш медал алган спортчулар Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулуна 10 млн сомдон жана бирден автоунаа берилди.
Коло байге алган Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков жана Айсулуу Тыныбекова 7 млн сомдон жана бирден автоунаа алышты. Бешинчи орунду багындырган Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев, Бекзат Алмаз уулу, Амантур Исмаиловго 1 млн сомдон жана бирден унаа берилди.
Олимп оюндарынын катышуучулары Айбек уулу Кубанычбек, Елизавета Печорских, Эрлан Шеров, Эрназар Акматалиев, Денис Петрашов 500 миӊ сомдон жана бирден автоунаа алды.
Андан тышкары машыктыруучулар менен дарыгелерге да акчалай сыйлыктар берилди