Ушул күндөрү өлкөдө КР Спорттук-техникалык коргонуу уюмунун (СТКУ) түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгиленүүдө. Мындай мааракелик салтанатка карата өлкө аймагы боюнча Спорттук, техникалык коргонуу уюмунун базасында бир катар мааракелик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Алардын бири өткөн аптада Ош шаарында жаштар арасында аскердик мелдеш өттү. Жаштар арасында тарбиялык мааниси зор, тартипти, жоопкерчиликти, дене тарбияны өнүктүрүүгө, мекенчилдикке багытталган мындай зор иш-чарадан соң, биз Оштогу бир катар СТКУнун жергиликтүү жетекчилерин сөзгө тарттык.
Ош шаарындагы бириккен техникалык мектептин жетекчиси Махмуд Саидахмедов: “Иш-чара облустук спорт уюмдары тарабынан каржыланды”
– Махмуд Саидвакасович, Ош шаарында Спорттук-техникалык коргонуу уюмунун базасында жаш өспүрүмдөр арасында эң жогорку деңгээлде уюштурулган спорттун 8 түрү боюнча мелдешке кеткен каражат ким тарабынан каржыланды?
– КРнын Спорттук техникалык коргонуу уюмунун төрагасынын 2025-жылдын 8-октябрындагы №261 буйругунун негизинде СТКУнун 30 жылдыгына карата Ош облустук билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында спорттун аскердик колдонмо түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдеш Ош шаарындагы Бириккен Техникалык мекемесинде Спорттук-техникалык коргонуу уюмдары тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында жогорку деңгээлде уюштурулган спорттун 8 түрү боюнча мелдешти өткөрүүгө кетирилген каражат жалпы Ош облустук СТКУ уюмдары тарабынан каржыланды. Иш-чара абдан чоң деңгээлде өткөрүлдү. Биз жаштар арасында келечекке карай зор тарбиялык мааниси бар мындай иш-чараларды өткөрүүдөн, аларга жумшалчу каражаттан эч аянбашыбыз керек. Аскердик патриоттуулукка тарбиялаган мындай саамалык келечекке салынган инвестиция десек болот.
– Ош облусу боюнча Спорттук-техникалык коргонуу уюмуна байланышкан кандай көйгөйлөр бар?
– Биздин аймакта укмуштуудай деле орчундуу көйгөйлөр жок. Албетте, майда-барат күнүмдүк маселелер бар. Андай көйгөйлөр акырындап чечилет деп ойлойм. Аныгында Ош облусу боюнча Спорттук-техникалык коргонуу уюмунун өсүп-өркүндөшүнө ар бир кызматкер өзүнө коюлган милдеттерин так билүүсү керек. Жаштарды аскердик патриоттуулукка үйрөтүүдө өзүнүн иш билгичтигин, үлгүлүү жакшы жүрүш-туруштарын, чынчылдыгын, тазалыгын көрсөтүү зарыл. Келечекте бул жааттагы окуу куралдарын заманга ылайык жаңылоо зарыл.
Араван райондук СТКУнун жетекчиси Данияр Боронбаев: “Тынчтыкта жашагың келсе согушка даярдан…”
– Данияр Абдиманапович, “Тынчтыкта жашагың келсе согушка даярдан” – деген кеп бар. Соңку убакта жаштардын патриоттуулукка ыктап, спорттук-техникалык аспаптарга, согуштук каражаттарды окуп-үйрөнүүсүнө өзгөчө көңүл бура башташы эмнени билдирет? Куралдуу күчтөрүбүздө кызмат өтөшкөн формачандардын айлык-акысы жакшы болгондуктан келечекте бул кесипке кызыккан жаштардын саны көбөйүүдөбү?
– “Тынчтыкта жашагың келсе согушка даярдан” – деген кеп эл тынчтыкты сактоо үчүн ар дайым сак, даяр жана күчтүү болуш керек дегенди билдирет. Соңку убакта жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого, спорттук-техникалык аспаптарга жана аскердик-техникалык билимдерге өзгөчө көңүл бурулуп жатышы – жаштар өлкөбүздүн коопсуздугун сактоого даяр, жоопкерчиликтүү жаран болуп өсүшү керек экенин көрсөтүүдө. Аныгында күчтүү, даяр армия жана билимдүү жаштар – согушту болтурбоонун эң жакшы жолу. Бул түздөн-түз согушка чакыруу эмес, тескерисинче тынчтыкты сактоо аракети деп билсек болот. Өз өлкөсүн берилип сүйгөн, тарыхын, башкы баалуулуктарын билген жаш муун мамлекеттин туруктуулугуна салым кошо алат. СТКУ тарабынан өткөрүлүп жаткан атайын иш-чаралар, спорттук жана техникалык даярдык жаштардын тартиптүү, чыдамкай, максаттуу болуп калыптанышына жардам берет. Ошондой эле жаштардын спорттук-техникалык аспаптарга, айрыкча согуштук каражаттарды окуп-үйрөнүүсүнө өзгөчө көңүл бура башташы соңку жылдары Куралдуу күчтөрүбүздө кызмат өтөшкөн формачандардын айлык акысы жакшырып, мамлекет тарабынан аларга карата эң жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгы да жаш мекен сакчыларын шыктандырып, ушул кесипке көбүрөөк ык коюп жатышат десек жарашат.
– Мектептерде бүгүн АЧД (Аскерге чейинки даярдык) сабагынан окуучуларыбыз татыктуу билим алып жатышат деп ойлойсузбу? Же бул предметтен терең билим берүүгө татыктуу кадрлар жок болуп жатабы?
– Учурда мектептерде аскерге чейинки даярдык сабагынан окуучулар толук кандуу, татыктуу билим алып жатат деп айтуу кээде мугалимге байланыштуу деп ойлойм. Күчтүү, өз ишин мыкты билген адистер гана окуучуларга сапаттуу билим бере алат. Эгерде адис жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу жана сабагын кызыктуу, образдуу айтканда жандуу маанайда, теория менен практиканы айкалыштырып өтсө, анда окуучулар АЧД сабагынан пайдалуу, турмушка керектүү билим алышат. Ал эми мугалим жетишсиз болсо, сабак да формалдуу өтүп калышы мүмкүн. Ошондуктан, аскерге чейинки даярдык предметинин сапаты эң оболу агайдын билими менен кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейм.
– Дегеле бүгүнкү бүтүрүүчү класстагы мектеп окуучулары аскердик милдетин өтөөгө психологиялык жактан жарактуу деп ойлойсузбу?
– Албетте, бүгүнкү бүтүрүүчү класстардагы мектеп окуучулары аскердик милдетин өтөөгө психологиялык жактан негизинен жарактуу деп ойлойм. Азыркы жаш өспүрүм муундар армияга барууга, аскердик милдетин өтөөгө өтө кызыкдар. Анткени, алар патриоттуулукка көбүрөөк тарбияланып, тартипке, жоопкерчиликке жана мекенди коргоо сезимине маани берип өсүп жатышат. Мындан тышкары, спорт менен машыгуу, аскерге чейинки даярдык сабактары жана ар түрдүү патриоттук иш-чаралар алардын психологиялык даярдыгын бекемдеп жатат.
Алай райондук СТКУнун жетекчиси Нуржалалидин Салиев: “Коргонуу иштеринин жүрүшүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл”
– Нуржалалидин мырза, Алай районунда аскерге тарбиялоо иштери кандай ыргакта жүрүүдө?
– Биздин райондо аскердик патриоттуулукка тарбиялоо иштери коюлган талаптарга ылайык жаштарга жогорку саясий, моралдык-психологиялык жана күжүрмөн сапаттарды калыптандыруу максатында багытталган процесс. Бул үчүн бир гана райондук
СТКУ гана эмес, аскер комиссариаты, райондук элге билим берүү бөлүмү жана башка тиешелүү уюмдар биргелешкен бир максаттуу иштерди жүргүзүүсү зарыл. Көпчүлүк учурда биргелешкен план түзгөнү менен алардын аткарылышы өз убагында көзөмөлдүккө алынбай жатат. Ушундай кырдаалдардан улам аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо иштери көз жаздымда калып жатканы бизди өкүндүрбөй койбойт. Жаштар аскердик мектептен өтүп, мекенди коргоого дайыма даяр туруусу үчүн азыркы учурдагы Куралдуу күчтөрдү жана аскердик техниканын өркүндөтүлгөн түрлөрүн терең өздөштүрүүлөрү керек. Аларды жогорку аң-сезимдүүлүккө, мекен алдындагы өздөрүнүн ыйык милдеттерин сезе билип, дайым даяр турууга тарбиялоо боюнча программалык ыйык милдеттерин өркүндөтүү зарыл. Кайра куруунун талаптарына ылайык айыл-кыштактардагы, мекеме-ишканалардагы коргонуу иштеринин жүрүшүнө жана аскердик-патриоттуу-
лукка тарбиялоо маселелерине бардык мекеме жетекчилери өзгөчө көңүл бурушу керек.
Калыгул Бейшекеев

