Спорттук наамдар ыйгарылды

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Эрназар Акматалиевге “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери” наамы, Эрназар Акматалиевдин биринчи машыктыруучусу Канатбек Сыдыкбековго“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу” наамы ыйгарылды.

Ал эми “Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги” наамы  спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Асейин Төрөгелдиевге,  “Газпром-балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунун директору Ишенбек Дүйшеевге, Кыргызстандын күрөш федерациясынын эркин күрөш боюнча вице-президенти Алмаз Бекбоевге ыйгарылды.

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст