Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун реконструкциялоо иштери аяктоо алдында турганын билдирди. Азыркы учурда стадиондо курулуш жана оңдоо иштери 95 пайызга бүткөрүлгөн. Курулуш иштери үстүбүздөгү жылы июнь айында башталган, реконсрукциялоо иштерин сентябрь айына бүткөрүү пландалууда.