"Эркин-Тоо"

Стамбулдагы Таксим аянты

Түркия мамлекети өзүнүн көп сандаган  тарыхый жайлары, кооз жаратылышы менен кимди да болсо өзүнө тартпай койбойт.  Ал  дүйнөдөгү туристтер эң көп каттаган алдыңкы үч өлкөгө кирет. Түрк эли өзүнүн бай тарыхы менен мактана алат. Түркия мамлекетинин өткөндөн калган эстеликтерин бүт кыдырып, таанышып чыгуу үчүн бир айлык убакыт да жетпей калышы мүмкүн. Бирок биздин Стамбулга сапарыбыз кечээги эле жаңы тарыхтын күбөсү  Ата Түрк маданий борбору менен таанышуудан башталды.

Стамбул шаарынын Таксим же Республика аянтына жакын  жайгашкан бул жаңы Маданий борбор 2019-жылы курулуп баштап, 2021-жылы 29-октябрда — Түркиянын Республика күнүндө Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу менен ачылган. Белгилей кетсек, мурда бул жерде 1969-жылы ачылган Стамбул маданият сарайы болгон.  

Маданият борборунда 15 миңден ашуун китептер коюлган чоң китепкана бар. Китепкана жеке адамдын өздүк коллекциясынан алынган китептер үчүн да кызык. Бизди тааныштырып жүргөн Беркан мырзанын айтуусунда бул китептерди белгилүү текстиль компаниясынын ээси болгон адам өзү чогултуп, китепканага белек кылган.  Китептин мынчалык  күйөрманы болуш ар бир эле ишкердин колунан келе бербейт эмеспи. Асты, үстү көрүнүп турган  эки кабат чоң бөлмөнүн биринчи,экинчи кабаттарында тең китептер текчелерге ырааттуу тизилип көркөмдүү көрүнөт. Мында эски китептер жок, ар кандай тематикадагы  кооз мукабалуу түстүү китептер коюлган. Борбордо  чоң окуу залы,  концерттик зал, көргөзмө залы,  дүйнө элдеринин  эски музыкалык аспаптары сакталган бөлмөлөр бар. Мында жалпысынан  300дөн ашуун ар кандай музыкалык жыгач аспаптарды көрүүгө болот. Борбордо ар кандай деңгээлдеги маданий иш-чаралар да өтүп турат.

 Баарынан да бизди  кызыктырганы 2 миң орундуу концерттик залдын тышкы көрүнүшү болду. Залдын тышкы көрүнүшү боз үй  формасында болуп чылк эле кызыл керамика менен капталыптыр. Бул түрк аялдарынан колунан чыккан эмгекти   өзүнчө бир искусство десек болот. 18 түрк аялы   100 күн мээнет кылышып, колдорун тоорутуп  керамикадан кооздукту  жаратышкан. Муну жасаган аялдарга түрктөр айтмакчы, “колуңарга береке”  деп баш ийе ызаат көргөзгүң келет.

Таксим аянтынын  чок ортосунда бийиктиги 11 метрди түзгөн Республика монументи жайгашкан.  Монумент Түрк Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналып 1928-жылы тургузулган.  Ал Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль жана аны менен бирге болгон Осмон империясынын генералдарына арналып коюлган. Монументтин  түндүк тарапты  карап турган жагынан Ататүрктүн   мурдагы Түрк Республкасы түзүлгөнгө чейинки  учурдагысы, а Истикляль көчөсү тараптагысында  Ататүрк европалыктарча кийинип турганын көрүүгө болот. Мындан  Мустафа Кемаль Ататүрк бир эле учурда эки доорду баштан кечирген инсан экенин түшүнүүгө болот. 

1919-жылы Стамбулду  англичандар менен француздар оккупациялап алышканы тарыхта  белгилүү. Дээрлик 4 жыл Стамбул оккупацияда болуп эл көчөгө уруксат кагазы жок чыга албай калышкан. Ошол кездеги султан окупанттар менен согушууну каалабай дээрлик бийликти өткөрүп берип койгон. 1919-жылы Осмон империясынын генералы Мустафа Кемаль султандан уруксатсыз кызматын таштап кетип калат да башка генералдар, достору менен жолугушуп, Анкарга келишип, 1920-жылы парламентти түзүшөт.  Анкара жаңы мамлекеттин борбору болуп калат. 1922-жылы Мустафа Кемаль баштаган түрк эли  оккупанттар менен согушуп, улуттук боштондук согушунда жеңип чыгышат.  1923-жылы Түрк Республикасы түзүлгөн. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин өлкө алсырап,  жарды болсо да түрк элинин бекем эрки,  мамлекетчил улуу сезимдеринин күчү менен жеңишке жетишет. Бул согушта эл  балдар, аялдар дебей жапырт окупанттарга тикесинен тик каршы туруп, дагы бир жолу улуу түрк элинин майышпас эркин көрсөтүшкөн. Аянттагы Республика монументи мына ошол тарыхтын жаңырыгындай болуп өткөндү эске салып турат.  Монументтин биз үчүн кызыгы андагы алдыңкы планда турган Ататүрктөн кийин түрк генералдары менен бирге эле биздин даңктуу жердешибиз М.Фрунзе менен  маршал К. Ворошиловдун айкелин көрүүгө болот. Монументте алардын ысымдары да түрк генералдары менен катар жазылып коюлган. Себеби, алар Анкарага  барып, окупанттардан Түркияны  бошотууга курал жагынан жардам беришкен экен. Албетте, В.Лениндин буйругусуз бул мүмкүн эмес эле. Орустар тараптан болгон жардамга ыраазы болгон Мустафа Кемаль Республика монументин курууда орус тилектештеринин да айкелин түшүрүүнү эп көргөн. 

Бул жерде азыркыга чейин  маанилүү расмий иш-чаралар, митингдер же пикеттер да өтүп турат.

Стамбулду, дегеле Түркия Республикасынын башка жерлерин кыдырсаң деле мамлекеттик желектери ар жерде желбиреп турганын көрүүгө болот. Ошондой эле көчөлөрдө Ататүрктүн портретин да көп жолуктурасың. Желек түрк туугандар үчүн нандай эле керектелчү товар сыяктуу. Өзгөчө 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгондо сатыктагы желектин бири да калбай, тартыш товарга айланганын окуган элем.  “Биринчи эле күнү 1,5 миллион желек сатылды. Эми дагы 5 миллиондой сатам  деп турам”, — деп айткан желек чыгаруучу ишкана ээси Оркун Алтьер. Ал “мугалимдер, усталар, ашкана кызматкерлери, ким болбосун бардыгы желек сурап жатышат, үйүмө илгенге өзүмө бири да калбады”, — деген эле. Бул бир эле желек чыгаруучу ишкана  ээси. 80 миллионго жакын калкы бар Түркияда мындан башка да желек чыгаруучулар жок эместигин эске алсак Түркияда желекке суроо-талап канчалык экенин түшүнүүгө болот.  Туз насип буюруп Түркияга журналисттик сапар учурунда буга ынандым. Көчөлөрдө чоң же кичинеби айтор мамлекеттик желек катар катар болуп илинип турганын кайда барба көрөсүң. Көчөдө баратып балконуна, үйлөрүнө желекти илип алгандар кадам сайын жолугат. Патриотизм түрк канында бүгүн да ойноп, улам жаңырып тургандай.  Бекеринен айлана-тегереги душмандын уюгундай болгон жоокерчил  заманда  түрк алптары кашык каны калгыча салгылашып жатып 600 жылдык тарыхы бар кадимки Осмон империясын түзбөгөн чыгар.

Концерттик залдын тышын 18 түрк айымы 100 күндө кызыл керамика менен жасалгалап чыгышкан
Ататүрк маданий борборундагы китепканада
300дөн ашуун эски музыкалык аспаптар илинип коюлган бөлмө
Таксим аянтындагы Республика монументи
Стамбулдагы Ататүрк маданий борбору
Борбордогу көргөзмө залынан сүрөт

Түркия желеги бардык жерде желбиреп турат

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!