"Эркин-Тоо"

Стамбулдун «Кыз кулеси» реконструкциядан соң кайра ачылды

Стамбулдагы легендарлуу Кыз кулеси реконструкцияланып, толук оңдоп-түзөөдөн кийин туристтер үчүн кайрадан ачылды. “Кыз кулеси” түрк тилинен которгондо “Кыз мунарасы” дегенди түшүндүрөт. Босфор кысыгында жайгашкан бул мунара эми эстелик музей катары элге кызмат кылат.

Кыз кулеси алгач биздин заманга чейинки 5-кылымда бажы бекети катары курулган. Босфор кысыгы аркылуу өткөн кемелерди башкаруу жана салык чогултуучу маанилүү жер болгон.

Чыгыш Рим императору Мануэль Комненос XXII-кылымда бул кичинекей аралда коргонуу имаратын салууга буйрук берген. Жарым аралдагы мунарадан башка мунарага чейин созулган темир чынжыр Босфордун кирүү жана чыгуусун көзөмөлгө алып турган.

Осмон императору Фатих Султан Мехмед доорунда бул жерге жыгач мунара курулуп, кийинки кылымдарда күзөт мунарасы, маяк жана карантиндик аймак катары кызмат кылган. Республика доорунда шаардын порт бийлиги тарабынан көпкө колдонулуп келген мунара 1964-жылы Түркиянын Коргоо министрлигине, андан кийин 1983-жылы Түркиянын деңиз ишканаларына өткөрүлүп берилген. Бул мезгилде радиолокациялык станция жана кампа катары кызмат өтөгөн. Кийинчерээк ал бир нече убакыт ресторан катары да иштеп турган. Үскүдардын жээгинен мунарага кайыктар менен гана жетүүгө болот.

Кооздугу менен Стамбулдун көркүн ачкан Кыз кулеси тууралуу бир катар уламыштар бар. Биринчи уламышта падыша жана аны кызы тууралуу айтылат. Анда бир көзү ачык падышага “Кызың жылан чаккандан өлөт” – деп кабарлайт. Бул кабарды уккан падышанын тынчы кетип, кызын коргоо үчүн  Салажактын аскаларына Кыз мунарасын курдурат. Бирок падышанын кызы тагдырынан качып кутула албайт. Себетке салынган жемиштерге жылан оролуп кирип, ханбийкени чагып өлтүрөт.

Кыз кулесине байланыштуу дагы бир уламышта Леандрос мунарада жашаган Афродитанын кечили Херону сүйүп калганы айтылат. Леандрос мунаранын жарыгын ээрчип бараткан Херону көрүү үчүн күн сайын кечинде сүзүп жүргөн. Бирок, мунаранын жарыгы бир түнү катуу шамалдан улам өчүп калат. Леандрос жолунан адашып, Босфор кысыгында чөгүп кеткен. Кайгыга, жоготууга баткан Херон да өз жанын кыйгандыгы баяндалат.

Стамбул шаарынын силуэтинде көрүнгөн имараттардын бири болгон Кыз кулеси деңиздин ортосунда жайгашкан. Аба ырайы улам өзгөрүп тургандыктан бул мунара ар дайым өзгөчө коргоого муктаж. Ошондой эле Инстаграм социалдык тармагы 2016-жылы дүйнөдөгү эң көп сүрөтү тартылган жерлердин тизмесин жарыялаган. Анда 5-орунда Стамбулдун символдорунан бири болгон Кыз Кулеси да киргизилген. Мындай маанилүү факторлорду эске алган абалда Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги 2021-жылы «Кыз мунарасы кайрадан көзүн ачат» аттуу реставрация долбоорун ишке ашырып, мунараны толугу менен ондоп чыкты. Долбоор министрликтин көзөмөлүндө болуп, адис, академиктер жана архитекторлордун кеңеши менен ишке ашырылды. Анын ичинде профессор Зейнеп Ахунбай жана Хан Түмертекин да бар. Акыркы реставрациянын алкагында мунаранын тарыхый документтеринде болбогон бардык конкреттүү толуктоолор алынып салынды. Кошумчалай кетсек, мунара, ал турган арал казыктар жана сейсмикалык изоляторлор менен бекемделген. Мунаранын короосунун үстүнкү чатыры алынып, анын ордуна баштапкы формага ылайык даярдалган жыгачтан чатыр коюлду. Короо жана сырткы кабаттар да тарыхый жазууларда аныкталган баштапкы абалына кайтарылды.

“Кыз Кулеси” реставрациядан кийин 11-май күнү атайын лазердик шоу менен салтанаттуу түрдө ачылды.

Жергиликтүү тургундар жана Стамбулдун коноктору бул кооз мунараны шаардын бир нече жеринен буга чейин көрүп келишкен. Эми музей катары ачылгандан кийин зыяратчылар Кыз мунарасынын терезелеринен Стамбулдун кооздугуна да суктана алышат.

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!