"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Starship айга учууга даяр

SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Starship кемеси Айга конуу боюнча алгачкы толук кандуу миссияны ишке ашырарын билдирди. Бул тууралуу ал Х (мурдагы Twitter) социалдык тармагындагы баракчасына жазганын «Интерфакс» агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Starship 2027-жылы NASAнын Artemis программасынын алкагында адамдарды Айга кондурууну максат кылууда. Масктын айтымында, кеме 2026-жылдан тарта адамдар менен учууга техникалык жактан даяр болот.

Ал эми Кытай тарап өзүнүн Айга конуу миссиясын 2030-жылга пландап жатат.

Starship — SpaceX компаниясынын кайра колдонулуучу космостук ракетасы. Ал эки бөлүктөн турат: Starship кемеси жана аны орбитага чыгарган алып ракета Super Heavy. Жалпы бийиктиги 120 метрге жетип, ал дүйнөдөгү эң чоң жана узун ракета болуп саналат.

Super Heavy буга чейин 11 жолу учурулуп, алардын бешөө ийгиликсиз аяктаган. Бирок кубаттуулугу боюнча ал NASAнын SLS (Space Launch System) ракетасынан эки эсе күчтүү экени белгиленүүдө.