Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн алкагында «Старый Толчок» – «Евразия» базарынын мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктап, мамлекетке кайра кайтарды.
Тактап айтканда, айыл жана суу чарба министрлигинин балансында турган жалпы аянты 2,2 га жер «Шар-Чебер» жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп, андан ары менчиктештирилип кеткени аныкталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында «Евразия» базарынын («Эл Гранд» ЖЧКсы) жалпы аянты 1,14 га жер тилкеси жана 3 миң чарчы метрден ашык соода жайлары мамлекеттин балансына кайтарылды.