"Эркин-Тоо"

Статком: Ички дүң продукт 5,4 пайызга өстү

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукттун көлөмү (ИДП) дээрлик 203 млрд сомду түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,4%га өскөн.  Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү үстүбүздөгү жылдын төрт айында 189 млрд сомду түзүп, 3,5 пайызга өскөн.

2022-жылдын январь-апрелинде өнөр жай продукциянын көлөмү дээрлик 116 млрд сомду түзгөн.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!