"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Степное айылында буюмдарды өрттөп жаткан адамга айып пул салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын экологиялык контролдоо бөлүмү тарабынан Степное айылында О.И.Р. аттуу жаран аллюминий бөтөлкөлөрүн жана башка буюмдарды өрттөп жаткан жеринен кармалган.

Ага Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 7 500 сом айып салынды. Бул берене боюнча мыйзамсыз өрттөө үчүн жеке жактар 7 500 сом, ал эми юридикалык жактар 23 000 сом төлөшөт.

Муниципалдык инспекция жарандарды таштандыларды, өсүмдүк калдыктарын жана башка калдыктарды өрттөбөөгө чакырып, мыйзам бузгандарга карата көзөмөл жана рейддер улантыларын эскертти.