"Эркин-Тоо"
Статистика

Стресс абалында жүргөн аялдар кыз төрөшөбү?

Испаниялык окумуштуу, психолог Мария Изабель Перальта-Рамирес бойго бүтө элек убакта стресс абалында болгон аял кыз төрөй тургандыгын аныктап чыкканын Daily Mail жазып чыкты. Испаниялык окумуштуулар 108 аялдын чачын изилдеп көрүшүп, кыз төрөгөн аялдардын чачында стресс гормону, башкача айтканда кортизол көп болоорун аныктап чыгышкан.
“Жыйынтык таң калычтуу болду. Изилдөө бойго бүтө элек жана бүткөндөн кийинки жакынкы апталарда стресске кабылган аялдар кыз төрөгөндүгүн көрсөттү”,- деген Мария Изабель Перальта-Рамирес.