"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Студенттен пара талап кылгандар кармалды

«Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча Курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин кафедра башчысы К.Д.С. жана окутуучу И.Н.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалгандар мамлекеттик бүтүрүү экзаменине кирүү жана дипломдук ишти коргоо үчүн акча талап кылып, 20 миң сомдон ашык каражат алган. Акчанын бир бөлүгү накталай алынып, бир бөлүгү Мбанк мобилдик тиркемеси аркылуу которулган.

К.Д.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, И.Н.С.ка карата «Эч жерге чыкпоо тил каты» түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

УКМК билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы күрөш улана тургандыгын белгиледи.