"Эркин-Тоо"

 Студенттер министрге өгөй баладайбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек бүгүн парламентте  Бишкектеги жогорку окуу жайларда сабактардын графиги боюнча  маселени кайра көтөрүп чыкты. Ал бул маселени бир канча жолу көтөргөнүн, бирок эч кандай жыйынтык болбой жаткандыгын айтты.

«Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайларда эртең менен окуган студенттердин сабактары саат 10:00до башталат. Түштөн кийин окугандардын сабагы 14:30да башталат. Төрт пара бүткөнчө саат 20:30 болуп кетет экен. Алар сабактан чыгып, үйгө жеткенче бир топ убакыт өтөт. Чынын айтканда, биз студенттерди өгөй баладай эле нары-бери түрткүлөп, бир нерсеге сыноо кылганда студенттерди колдонобуз. Жогорку окуу жайлардагы сабактардын убактысын жылдырып көрдүк, бирок эч кандай жылыш болгон жок. Эмне үчүн Билим берүү министрлиги бул маселени көтөрбөйт, эмне үчүн чечпейт? Азыр күз мезгилинде күн кыскарып, түн узарып жатат. Студенттер деле биздей адам да, алардын да оокаты бар. Алар да үйлөрүнө эртерээк жетүүсү керек», — деди депутат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!