Министрлер Кабинетине караштуу “Студенттик стартап” пилоттук программасын ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңешмеде студенттердин 8 стартап-долбооруна каржылык колдоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Студенттик стартап” сынагына жалпысынан 21 жогорку окуу жайдын жана 3 колледждин студенттеринен 158 билдирме келип түшкөн. Билдирмелер үч баскычтуу: жумушчу топ, көз карандысыз эксперттик топ жана инженердик эксперттик тандоодон өтүп, жыйынтыгында 8 стартап-долбоор финалга өткөн.
Финалда студенттер маалымат-санарип технологиялар, медициналык технологиялар, биотехнология, айыл чарба технологиясы, жашыл экономика, креативдүү индустрия сыяктуу тармактардагы стартап-долбоорлорун жакташты.
Студенттердин стартап-долбоорлорун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен 10 млн сом каралган. Анын 3 млн 160 миң 744 сому өздөштүрүлүп, жеңүүчү аталган 8 стартап-долбоорго же башкача айтканда, 7 университет, 1 колледждин студенттеринин стартап-долбоорлоруна бөлүнүп берилет.
Тагыраагы:
1. Ош мамлекеттик университети – PARKING.G – Акылдуу тосмо (унаа токтотуучу жайларды жана төлөм системаларын автоматташтыруу) стартап-долбоору, 989 миң 687 сом;
2. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети – Санариптештирилген айыл чарба “Мал-Жан-Санак” стартап-долбоору, 770 миң сом;
3. “Ала Тоо” Эл аралык университети – “ECG Vision” автоматташтырылган ЭКГ декоддоо (окуу) системасы стартап-долбоору, 725 миң сом;
4. Кыргыз-Түрк “Манас” университети – “Basi — KG” энтомопатогендик козу карындын негизинде биоинсектицид өндүрүү технологиясын иштеп чыгуу стартап-долбоору, 556 миң 300 сом;
5. Баткен мамлекеттик университети – “FilterFish” стартап-долбоору, 435 миң 344 сом;
6. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – ОЗОН-1 стерилизатору (SMART OZONATOR) стартап-долбоору, 300 миң сом;
7. К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети – “Эмизүүчү (саан) малдын бруцеллез оорусунун экспресс-диагностикасы” стартап-долбоору, 257 миң сом;
8. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжи – “Күнөсканада карагайларды, декоративдүү дарактарды, декоративдүү гүлдөрдү, мөмөлөрдү жана башка көчөттөрдү өстүрүү” стартап-долбоору, 117 миң сом.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында бизнес-идеяларды ишке киргизүү, жаштар ишкердигине дем берүү жана андан ары илгерилетүүнү камсыз кылуу максатында КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартында №128 “Студенттик стартап” пилоттук программасы жөнүндө” токтому кабыл алынган.
“Студенттик стартап” сынагына билдирмелерди кабыл алуу 2023-жылдын 6-октябрынан 6-ноябрына чейин жүргүзүлгөн.