"Эркин-Тоо"

Студенттик стартап-долбоорлорго сынак жарыяланды

Кыргызстанда студенттик стартап-долбоорлорго сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Сынак жаштардын ишкердигин өнүктүрүүгө дем берүү жана бизнес-идеяларды андан ары илгерилетүү максатын көздөйт. Тиешелүү документтер 10-майдан 10-августка чейин кабыл алынат.

Стартап-долбоорлор төмөнкү тематикалык багыттар боюнча тандалып алынат:
— маалыматтык / санариптик технологиялар;
— медицина жана саламаттыкты сактоо технологиялары;
— жаңы материалдар жана химиялык технологиялар;
— интеллектуалдык өндүрүш технологиялары;
— биотехнология
— ресурстарды үнөмдөөчү энергетика;
— агрардык технологиялар;
— жашыл экономика;
— чыгармачыл тармактар;
— тейлөө тармагы.

Документтердин топтому startupkg1@gmail.com дарегине электрондук жана кагаз түрүндө кабыл алынат. Сынак боюнча маалыматтарды 0708 888 063 номери аркылуу алууга болот.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!