"Эркин-Тоо"

Сугат мезгилине даярдыктар кызуу башталды

2024-жылдын вегетация мезгилине даярдык көрүү максатында министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 250,4 км чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык тазалоо, 78 гидротехникалык курулмалардын, 22 суу өлчөөчү посттордун, 29 насостук станциялардын, 27 насостук агрегаттын оңдоо, 6 насостук агрегаттын алмаштыруу жана 7 суу топтоочу курулмалардын (3 суткалык, 2 декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 2 суу сактагычтын) тазалоо иштери аткарылууда.

2024-жылдын сугат мезгилине даярдоо план-графигине ылайык, мамлекеттик суу чарба объектилеринин оңдоо жана механикалык тазалоо боюнча негизги иштерди бүтүрүү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча 2024-жылдын 10-апрелине карата, Чүй жана Талас облустары боюнча 2024-жылдын 1-майына карата, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча 2024-жылдын 10-майына карата белгиленди.

 

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!