Сүймөнкул Чокморовдун үйү музей болот
Кыргыз элинин атактуу уулу, белгилүү актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун туулуп-өскөн үйү, өнөрканасы жана короо-жайы жакында эле эл аралык деңгээлдеги музейге айландырылары айтылды.
Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып, улуу инсандын тарыхый жайы көп жылдан бери каралбай, кароосуз калып келгенин белгиледи. Анын айтымында, үйдүн айланасын чөп басып, эскилиги жеткен абалда турган.
Маселеге байланыштуу Президент Садыр Жапаров тиешелүү жетекчилерге дароо тапшырма берип, аталган жерди иретке келтирүү, толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана аны дүйнөлүк деңгээлдеги музей-комплекске айлантуу милдетин койду.
Эми бул тарыхый жай Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылык мурасын сактап, аны элге кеңири тааныта турган маданий борборго айланышы күтүлүүдө.