ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮБҮЗГӨ- 30 ЖЫЛ!
КРнын Илим жана техника жагынан мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Сократ атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, Европа Ректорлор Клубунун мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты, профессор Сулайман КАЙЫПОВ менен өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын утурлап маек курдук.
– Сулайман Турдуевич, жакында Кыргызстандын эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандыгына 30 жыл толгону турат. Мамлекетибиздин, коомубуздун ушул 30 жыл ичинде жетишкен ийгиликтери же кетирген мүчүлүштүктөрү жөнүндө ой толгогон учурларыңыз болгон чыгаар. Эгемендүүлүктүн шарапаты менен кандай жакшы натыйжаларга жетиштик жана кай жерден, кантип жаза басып алдык, адаштыкдегендей. Өлкөбүз 30 жылдык соңку жаңы тарыхыбыздын жыйынтыгын чыгарып, өнүгүүнүн жаңы этабына кадам шилтейли деген дымак менен күн кечирип жаткан ушу тапта, сизге кайрылып, ой-пикирлериңиз болсо жазып алып, окурман журту менен бөлүшүп коёлу дедик. Кандай дейсиз?
– Макул… Ойлорум бар.Эгемендик жылдарындагы жетишкендик жана жаза басуу маселеси ушу тапта ар бир эле акыл-эси ордунда кыргыздын башын катырып жаткан маселелерден болушу керек. Адегенде, эмнеге жетиштик, ошол жөнүндө айтайын.
Айрым бир ашкере сынчыл жарандарыбыздын оозун куу чөп менен аарчып, далайдан бери эле, жоголдук… жоюлдук… бүттүк… аз калды… деп айгай салып келе жатканына карабай, биз акыркы 30 жыл ичинде көп эле жакшы ийгиликтерге жетиштик. Ким эмне десе ошо десин, биз жасабасак да, карт тарых өз ишин жасап жатат.
Эң башкысы – дүйнө жүзүнө эгемендүү өлкө катары таанылдык, башка мамлекеттер менен тең ата сүйлөшө турган укуктук мартабага ээ болдук. Өзүбүздүн Конституциябыз, Туубуз, Гимнибиз, Гербибиз, улуттук аскерибиз, акчабыз бар. Дүйнө тааныган аймагыбыз, ыйык чек арабыз турат. Өз тилибизде билим алуу, илим-изилдөө, эл аралык байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээбиз. Бийлик бутактарынын баары өз-өз ордунда; алардын ар биринин башында мыйзам талабына ылайык шайланган же дайындалган жарандарыбыз кызмат өтөп жатат.
Бир өкүнгөнүм, ушунун баары көптөгөн жарандарыбызга катардагы бир маанисиз формалдуулуктай эле көрүнөт. Маселенин так чордону мына ушул нерселерде экендигин чындап, каны-жаны менен түшүнгөн кыргыз аз экенин ойлогондо ындыным өчө түшөт. Кыргыз уулу анча тоготпогон бул “формалдуулуктарга” башка улуттар 30 эмес, 300 жылдап күрөшүп, кан төгүп жүрүп араң жетишкен. Көпчүлүгү азыр деле жетпей, зар какшаган бойдон жүрүшөт. Тарых ташбоор, ал эч кимдин катасын эч качан жазалоосуз өткөрүп жибербейт. Алар, билгенге, өз ата-бабаларынын бир кездеги тарых алдында кетирген катачылыктарынын жазасын эселеп, сыздап жүрүп өтөп жатышат.
– Көпчүлүк анчалык капарына албаган бул атрибуттарда зор маани бар десеңиз…
– Ооба. Бул атрибуттардын болгонунун өзү эле – зор жеңиш. Ал эми бул атрибуттар өз милдеттерин так аткарып берсе, ал – улут үчүн зор бакыт. Бул эми өзүнчө сөз.
Мен башка сөзгө азгырылып кете элегимде, жанагы оюмду улап, өзүм күбө болгон, андан бери чейрек кылымдай убакыт өтсө да, жадымда күнү бүгүнкүдөй сакталып турган, менин улуттун саясий тарыхындагы көп маселелерди туура түшүнүүмө жол ачкан бир окуяны кыскача айтып берейин деп турам.
1990-жылдардын орто чени эле, чет өлкөлөрдүн биринде улуту бар, бирок мамлекети жок бир адам менен бирге басып аңгемелешип калдым. Кызыгып сурап калганынан, мен ага Кыргызстан, кыргыз тарыхы, мамлекеттүүлүгү, ошол учурдагы абалы тууралуу сөз кылып келе жаткам. Аңгеме ортологондо ал бир саамга үн-сөзсүз боло калды да, анан тык токтой калып, эчкирип-эчкирип ыйлап кирди. Көзүнөн селдей аккан жаш менен мурдунан аккан сууну аарчыганга күрөктөй чоң эки колу жетишпей турду. Курагы элүүлөрдөн ашып калган эркек киши… мен өмүрү көрбөгөн бир эчкирик ый…
Мен адегенде эч нерсени түшүнгөн жокмун. “Эмне, тууган, бир нерсе болдубу, мен туура эмес бир нерсе айттымбы же?” деп, алактап калдым. Ал: “Жок, тууган, сенде эмне айып. Мен шордуу өз тагдырымы ойлоп ыйлап жатам. Кечирип кой, өзүмдү кармай албадым…Күндө беш убак намаз окуп, тынбай дуба кылам. Алла адилет дешет… Адилет болсо, дубабызды кабыл алып, бизге деле бир мамлекет берип койбойбу. Ишеничим кетип бүттү… мен ушул динден чыксамбы же… Автономия алабыз деп, канчалаган уул-кыздарыбыздын каны төгүлүп жатат.Мамлекет дегенбир керемети бар экен, Алла тааланын. Аны сүйгөн калкына ыроолойт экен. Анан анын башына бир эрке талтаң неме келип алат экен да, өзү билгендей башкара берет экен. Баары ошондой, баары эрке талтаң, кана, кимиси акылдуу, кимиситентек эмес, Саддам акылдуубу? Биздин элде эмне тентек аз беле, бизде элдикинен көп. Алла таала мамлекет буюруп койсо, биз да бир тентегибизди башына коюп алып, бардык ишти өзүбүз кыла берет элек. Өзүбүз кылат элек, өзүбүз! Мына мен каруумду казык кылып… өл десе, өлүп да бермекмин. Бизге Алла таала мамлекет бербеди…” деп, алдан тайып, заматтаадамдык кейпинен кетип, азапка чыланып турду.
Дегеле көп сөз айтты; кулагым чуулдап, ый арасынан менин түшүнгөнүм ушулар болду. “Кыргыздардын саны 2,5–3 млн дедиңби, биз 25-30 млн элбиз” деп, өпкө-өпкөсүнө батпай, дагы андан бетер эчкирди. Өз тилинде бирдемелерди согушка кирип бара жаткан жоокер сымал кыжынып, көздөрү чанагынан чыгып, тамагы айрылгыдай бакыра-бакыра айтып-айтып токтоду.
Мен маселенин эмне экенин боолгоп да болсо түшүндүм. Ушул аз сандагы кыргыз сыяктуу элдин мамлекеттүүлүгү бар да, андан он эсе көп менин элимдин мамлекеттүүлүгү жок деп, жети өмүрү жерге кирип жаткан экен. Менин тоодой бактыма суктанып жаткан экен. Эгемендүү өлкөсү бар адам деп, мени өзүнөн алда канча бийик коюп жаткан экен, кайран эр. Чынында эле, эгемендүү өлкөсү болгондун өзү – зор бакыт.
Анан, убакыт келип, экөөбүз эки башка жакка кеттик. Анын “…бардык ишти өзүбүз кыла берет элек. Өзүбүз кылат элек, өзүбүз! Мына мен каруумду казык кылып… өл десе, өлүп да бермекмин” деген сөздөрү, ыйы кулагымда көпкө жаңырып турду. Өз мамлекети, өлкөсү болгон кандай бакыт, мамлекети болбогон же анысынан ажыраган улут кандай шордуу.Азыр да кээде: “Ушу кыргызда өлкө эгемендүүлүгүн сактоо үчүн, ыйлап туруп, “…өл десе, өлүп да берем” деп айтканга жараганканча кишибиз бар?” деп ойлоп калам.
– Биздин жарандар ушул сиз айткан икаядагы ойду түшүнүшөт же айтсаңыз кабыл алышатбекен?Мурун-кийин кимдир бирөөлөргө айтып көрдүңүз беле? Өз акылы жетпесе да айтканды түшүнүп калса жакшы го.
– Албетте, түшүнгөндөр бар, айтып эле жүрөм, бирок, түшүнбөгөндөр көбүрөөк окшойт деп калдым. Эгерде түшүнгөндөр арбын болсо, биздин элитамын деген уул-кыздарыбыздын дилинде жанагы ыйлаган мамлекети жок бечара адамдын сезимдеринин беш пайызы эле болсо, коррупция дегендин жыты да калмак эмес… Өлкөбүз бийлик башындагы эргулдар тарабынан кайра-кайра тонолмок эмес. Олигарх балдарыбыз өлкөдөн тоноп алган акчасын чет өлкөнү көздөй ташып кетмек эмес. Биздин эгемендиктин баасын билбеген жарандарыбызга Жараткан ынсап берсин дейли. Башка чарабыз жок…
– Негизи, чет өлкөлөрдө жашап келген адамдардын улуттук сезими абдан курч болот окшобойбу. Сиз да көп жылы Түркияда иштедиңиз, андан соң Кытай Эл Республикасында эмгектендиңиз. Кыргызстандын, Ата-Журттун кадырын билгенге өмүр жолуңуздун ушул жактары да таасир эткен чыгаар, ээ? Же…
– Туура, элсизде жашоо – дене азабы болбогону менен, рухий азаптын өзү. Сыртынан сый-урматка бөлөнгөнсүп жүргөнүң менен, ичтен жатсың. Нан менен колбасанын дасторкондо үйүлүп турганын, чөнтөктө беш-он тыйын пулдун көбүрөөк болгонун бакыт деп ойлоп, сыртта өмүр коротуп жүргөндөрдүн жолу болсун. Кыргыздын “Өз үйүм – өлөң төшөгүм” деген сөзүндө зор маани бар. Чет өлкөлөрдө аң-сезимдүү, адам сындуу өмүр сүргөндөрдүн улуттук туюмдары чын эле курч болот. Жугунду ичип көнгөндөргө арга жок, алар акыры-түбү ошол кожоюндарынын ырын ырдап, чоорун чоордоп кетет.
Кандай себеп менен болсо да, элсизде жашап жүрүп, анан айланайынАта-Журтка кайра келгенде, самолёттун тепкичинен түшүп бара жатып, аэропорттун так төбөсүндөгү желбиреген кыргыз туусун көрүп эрээркеп, көзүнөн ысык жаш тоголонуп түшпөгөн, бул сезимде жашабаган адам кийин деле көп нерсени түшүнүп жыргатпайт. Чыныгы адам болсоң, өз өлкөңдүн баасын жат өлкөдө жүргөндө анык билесиң. Макулук болсоң, туулган жериңди, элиңди – баарын жамандап, тигилердин күйпүл күчүгүнө айланасың.
– Сөздүн нугун башка маселеге бурсакпы дейм… Сиз өмүрүңүздүн көпчүлүк бөлүгүн илим-изилдөө жана билим берүү тармагына арнадыңыз. Европа Ректорлор Клубунун мүчөсүсүз. Билим берүү системасы эгемендик алганга чейин кандай эле, кийин кандай болду?Учурдан пайдаланып, ушул олуттуу суроонун жообун да сизден алып калалы.
– Совет доорунун билим берүү системасынын бир артыкчылыгы – билим берүү иши менен адистик берүү ишин бири-бири менен айкалыштырып, бирин-бири толуктай турган таризде алып барылышы болучу. Ошондуктан, (1) жогорку билимдүү(2) адис деп, эки түшүнүк бирге айтылчу. Университеттерден квалификациялуу адис, ошону менен бирге эле жогорку билимге ээ адамдар диплом алып чыгышчу. Алар жаңы идеялар менен сугарылган жаш адистер болгондуктан, барган жерлеринде тез эле алдыңкылардан болуп чыга келишер эле.
Азыр болсо, билим берүү менен адистик берүү иштери бири-биринен жасалма түрдө ажыратылып салынды. Университеттер жапырт бакалаврларды даярдоого өттү. Бакалавр бул – белгилүү бир багыт (адистик эмес, багыт!) боюнча жогорку билим алган, бирок адистик алганга жетише элек адам. Ал адистик алуу үчүн дагы эки жыл магистратурадан окушу керек! Ал эми, биздин өлкөнүн жогорку окуу жайларынын магистратураларынын окуу пландары адистик алууга таптакыр жарамсыз. Ошону менен, мисалы, факультеттен 100 киши бакалавр болуп чыкса, анын ичинен эң көп болсо, 5-6 киши магистратурага өтүп, аны мыкты окуп бүтүрсө деле баягы эле бакалаврлардын деңгээлинде кала берет. Анан, жаштарды ишке тартабыз деген ураандын күүсү менен жумушка алынышат; бирок алар али адис эмес да, колдорунан иш аткаруу келбейт да. Ошентип, жаштарды жумушка тартуу деген жакшы идея да зыяндан башка пайда алып келбей калат. Азыркы кездеги министрликтерде топ-тобу менен планшет көтөрүп жүргөн студент рухтуу жаштардан пайда аз. Ишти жашпы, карыбы, профессионалдарга гана ишенип тапшыруу кажет. Прогрессти үйрөнчүктөр эмес, профессионалдар жасайт. Устат-шакирт байланыштары азыр элдин эсинен чыгып кетти. Шакирттин устатсыз адис болуп чыкпай тургандыгын айтсаң, азыр эч ким түшүнбөйт.
Жазгүл айым, ушул жерден мен сизге бир суроо берсем, кандай дейсиз? Мисалы, менин “билим берүү менен адистик берүү иштери бири-биринен жасалма түрдө ажыратылып салынды” деген сөзүмдү түшүндүңүзбү? Түшүнсөңүз, кандай түшүндүңүз?
– Түшүндүм, биздин жогорку окуу жайларында теориялык билим берилип эле, кесип үйрөтүлбөй калган турбайбы. Практикалык иш аткаруу жагы аксап жаткан экен да. Кесипкөйлүкже профессионализм деген болбой калат да анда. Мен ушундай түшүндүм.
– Рахмат, туптуура түшүнүпсүз. Кыргыз университеттеринин ректорлорунун айрымдары эми эле түшүнүп калбаса, дээрлик баары эле түшүнчү эмес. Ооба, билим менен адистик бири-биринен ажыратылды деп, уккандарын туурап айткандары эле болбосо, мунун артында эмне жаткандыгынан кабарлары жок болучу.
– Бул абал ушундай бойдон кала берсе жакшы болбойт го, аны оңдоонун жолу барбы?
– Бар, албетте. Кесиптикке даярдоочу окуу жайларды күчтөндүрүү керек. Университеттерде жогорку мектеп, колледждерди ачып, окуу процессин практика менен тыгыз байланышта жүргүзүү зарыл. Кесиптик-техникалык билим берүү мекемелерин Билим берүү министрлигине кошүп коюу натуура иш. Дегинкиси, Билим берүү жана илим министрлигин толук реформаламайынча бул жаатта алга жылуу ары-бери болбойт. Аны реформалоонун убактысы мындан он жыл мурда эле өтүп бара жаткан эле, эми андан бетер кеч болуп турат.
– Кыргызстандын акыркы 30 жыл ичиндеги экономикалык жана саясий абалына кандай баа бересиз?
– Бул жагынан көңүл көтөрө турган эч нерсе айта албайм. Биздин Орто Азия өлкөлөрүнүн эң алдыңкысы боло тургандай потенциалыбыз бар эле, аны колдон чыгардык. Кара саат трайбалисттер адегенде кадр саясатынын түбүнө жетишти. Анысы аз келгенсип, уурулук, кескилик, алдамчылык кыргыз элитасынын канына тез эле сиңип бүттү. Мына азыр камалып отурган эргулдарды карабайсызбы. Уурулар үйүр-үйүрү менен саясатта жүрсө, экономика кайдан өссүн да өлкө кайдан өркүндөсүн.
– Жакында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленет. Бул чоң салтанат өлкөбүздө кандай белгиленсе дейсиз? Сунуш, каалоо, пикириңиз барбы?
– Каалоом да, сунушум да ушул. Бул – чоң майрам, ал татыктуу, таза, аруулануу жана кечиримдүүлүк маанайында өткөрүлүшү керек. Мурдагы жылдардагыдай эле, кимдир бирөөлөрдүн түккө татыбас тааныштарына, жакындарына, жердештерине, партиялаштарына, шеринелештерине, өкүл балдарына, көңүлдөштөрүнө наам алып берүү, сыйлыктарды таркатуу, даражаларды ыйгаруу менен шөкөттөлүп, дардаңпоздук, өзүм билемдик менен өткөрүлсө, дагы далай жыл акыйкаттыкка жете албай тургандыгыбыздын белгиси болуп калат. Ылайым андай болбос. Болбосун!
Дегинкиси, адамзаттын тарыхында майрам күндөрү зомбулук болбойт, калп айтылбайт, уурулук кылынбайт, теңчилик өкүм сүрөт, адилеттик орнойт, аруулануу ишке ашат. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы – биз үчүн чоң майрам. Чоң майрамды тосуу аземинин өлкөбүздөгү чоң өзгөрүүлөрдүн кабар элчиси болуп калышын жан дилим менен каалайм.
– Жалпы эли-журтубузга каалоо-тилегиңиз… Сизге “эркин микрофон…”
– Жалпы эли-журтубузга дейсизби… Эгемендүүлүк алганыбыздан бери 30 жыл өткөнүн ойлоп, ар бир кыргыз арууланууга тийиш!Бул көп убакыт. Ар бир кыргыз артына кылчая карап, бул өлкө үчүн ушул 30 жыл ичинде пайдалуу эмне иш кылдым деп, өзүнө өзү эсеп берсин жана мындан кийин өлкөнү кандай күч-кубат менен алга сүрөөнүн чарасын ойлонсун. Ар бир кыргыз ошентсин! Өлкөнүн эгемендигин сактоо үчүн күрөшүү – ар бир жарандын эң биринчи милдети. Кийин урпактарыбыз эгемендүү өлкөсү бар бирөө-жарымдын алдында: “…каруумду казык кылып… өл десе, өлүп да бермекмин” деп эчкирип ыйлап турбашы үчүн кам көрөлү. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы өлкөбүзгө, адамдарыбызга, өлкөбүздүн конокторуна кут алып келсин! Өлкө жетекчилеринде майтарылбас саясий эрк, кажыбас кайрат, түгөнгүс сабыр, анан да эң негизгиси, ток пейилдик жана ынсаптуулук болушункаалайм.
– Рахмат, Сулайман Турдуевич, бул жолку маегибизге ушул жерден чекит коё туралы. Убакыт бөлүп, астейдил аңгеме куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Бар болуңуз!
Жазгүл КАРБОСОВА

