«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин айрым жайлары толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Музейдеги оңдоп-түзөө иштери менен Маданият министри Мирбек Мамбеталиев таанышып чыгып, бир катар көрсөтмөлөрдү берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында министр мекеме жетекчилери менен музей-комплекстеги ишке ашырыла турган келечек пландарды талкуулады.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплекси 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамына карата саат 11:00дөн баштап көрармандарга өз эшигин ачат.