Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагында жайгашкан мүрзөлөр чөп-чарлардан тазаланып, иретке келтирилүүдө. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
«Бул иш-чара аймактын тазалыгын сактоо, ыйык жайды урматтоо жана тартипти камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө», – деп жазылат маалыматта.

