Султан Раев: Кыска аңгемелер

ӨМҮР

Киши көзү чылк жумулуп, керең чексиздикте жатты. Анын актык деми бүтүп, кылдын учунда турду.

— Сен кимсиң?! – деди киши, чочугандай. Анын жанында, бир-эки кадам арыда, кексе, ак сакалдуу, жүзүн бубак баскан чал турду.

— Мен Чындыкмын, — деди чал.

— Чындык, — Киши таң кала суроо узатты. – Мен сени чакырган жокмун.

— Мени чакырбайт, мени издейт… Өмүр бою… — деди чал. – Эч бир жан  табалбайт…

— А, мен сени издегемин, акыры таптым деп сүйүнгөмүн, — деди киши. – Мен сени тапкамын… өзүм издеген Чындыкты тапкамын…

— Мениби? – деди чал.

— Сени… – Киши үн катты. – Ооба, сени… чындыкты…

— Мени, таптым деген күнү, — деди чал. — Сен мени таптакыр жоготконсуң… ошол  күнү жоголгомун… — Чал бир паска тунжурады. — Бүгүн сага Чындык кандай болорун… көрүп койсун деп гана алдыңа келдим… Мен эч кимдин алдына барбайм, бирок мага барганга, мени тапканга жол кезип, азап чегип, дүйнөнү түгөл айлангандар да мага жетпейт…

Чындыкмын деген чалдын үнү угулбай калды. Аны киши сезди.

Кишинин көзүн кайрадан чылк караңгылык каптады. Ошол караңгылыкты күн нурундай жиреп, анын алдына сулуу, ажарлуу аял келди.

— Сен, кимсиң? – деди киши таңдана. – Кимсиң?..

— Менби? – деди аял. – Мен Ажалмын…

— Ажал?.. Ажал ушунча жомоктогудай сулуу болобу? – деди киши.- Мен ажалдан  кутулгамын, ажалды жеңдим дегемин…

— Сен ажалдан кутулдум деген күнү, мен сенин үйүңө келгемин, – деди аял. – Менден эч ким кутула албайт. Өлүм ак, ажал ак. Актан эч ким качып кутулган эмес…- деди аял. – Кеттик, менин артымдан эрчи. Мен сени алып кеткени келдим…

— Ажал ушунчалык сулуу болобу, мен эч качан Ажал сулуу болот деп ойлогон эмесмин… — деди киши таң калганынан жазбай. – Өмүрчү, Өмүр кандай болот? Сенин алдыңан Өмүр чыкты беле, анын жүзүн көрдүң беле? – Жалбаргандай сурады киши.

— Өмүрбү?.. Мен аны көргөн эмесмин, таптакыр көргөн эмесмин,- деди аял. – Билгеним ал… Чындык менен Ажалдын ортосунда жашайт…

Кишинин жаны үзүлдү… Чындыкка баш урду…

ТУЯК

Тепкедей айылдын ортосундагы үйдөн ый чыкты. Бектур аксакалдын кыздары биринин артынан бири “атакелеп” кошок айтып жатты. Сербейген жигит гана элдин карааны көрүнгөндө бөйрөгүн таянып: “Атам ой!”, “Атам ой!” деп өкүрүп калат.

Бектур чал беш кыз көрүп, бешөө тең очор-бачар түтүн булатып калган кезде  кемпиринен ажыраган. Артынан бир да эркек аттуу  калбады.

— Мынабу, “атам ой” деп боздоп турган бала ким, Марзыя?- деп шыпшынды, берирээк жерде отурган кемпир. – Бектурдун уул баласы жок эле, ким болуп кетти экен? — Ал жанында отурган кемпирге ээк какты.

— Бу бала Бектур аванын аталаш туугандарынын баласы, авамдын кыздарында да эркек жок, — деди Марзыя. – Бектур авам да тукумун сыйлап, кемпири өткөндөн кийин төшөк жаңыртып алса болмок, жарыктык киши… Азыр туягы турмак “атакелеп”…

Кемпир Марзыянын сөзүн туура көргөндөй, акырын баш ийкеди.

— Кайран Бектур… ушу жадесе бирөөнүн босогосун атап койсо болмок экен, —  деди кемпир шыпшына. – Туяк калмак артында…

*     *     *

… Чолок көчөдө акырын Кемпир жер карап жай баратты.

Анын эсине баягы жылдары ушу Бектур чалдын окуясы эске түштү… Күйөөдөн жалгыз, үйдө эркексиз калганда кайран Бектур бу аялдын “босогосун” аттамак болгон.

Шондо ал “менде күйөө болбосо да,  аялдык намысым бийик мага” деп, Бектурдун артынан  эшикти катуу жапкан.

Аны азыр эстеп баратты… Негедир көзүнөн ысык илеп тээп чыкты, деми муунду. Көз жаштай кулап өмүр өтүп кеткенин эми сезгендей болду.

error: Content is protected !!