Жазуучу, драматург, Түрксойдун башкы катчысы Султан Раев Казакстандын II даражадагы «Достук» («Достык») ордени менен сыйланды. Бул мамлекеттик сыйлык маданият менен искусствону өнүктүрүүгө салым кошкон инсандарга берилет.
С.Раевге сыйлык берүү тууралуу тиешелүү жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.