- Чалкан маскасы
Чалкан чакпайт, сулуу кылат. 1 чоң кашык чалкандын майдаланган жалбырагын 1 чоң кашык жылуу сүткө аралаштырып, 10 мүнөт коюп коёсуз. Муздаган соң 1 чай кашык жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз да, бетиңизге, моюнуңузга 20 мүнөт коёсуз.
- Бадыраң маскасы
Бадыраң менен беттин терисин агартса болот. Бадыраңды тазалап, туурагычтан өткөрүңүз. Бадыраңдын ортосундагы жумшак жерин алып салып, 1 чай кашык лимон ширеси менен жарым аш кашык каймак кошуп, аралаштырабыз. Даяр болгон масканы бетке сүйкөп, 15 мүнөт кармап, андан кийин бетти жуйбуз.
- Сулунун Маскасы
Үй шартында бетиңизди ыңгайлуу жана тез агартууга жардам берет.
1 аш кашык сулуга 2 аш кашык помидор ширесин кошуп аралаштырабыз. Пайда болгон массаны териге сүйкөп, 15 мүнөт күтүп, андан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.
- Лимон маскасы
Лимондун маскалары пигментацияга каршы натыйжалуу.
Лимон шиширеси, бал, зайтун майын алып, ингредиенттерди бирдей пропорцияда 1 аш кашыкка аралаштырыңыз. Пайда болгон массаны бетке сүйкөңүз. 25 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз.
- Петрушка маскасы
Петрушка – бетти агартуучу эң сонун каражат.
Петрушканын жаңы сыгылган 2 чоң кашык ширесине бир жумуртканын сарысын, 1 чай кашык айранга кошуп аралаштырып, маска жасайсыз да, бетиңизге 15-20 мүнөт коюп андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз.