Эски режим тушунда биз сөз кылуучу каармандар Азиз Суракматов менен Алмаз Кененбаевдердин иши оңолуп, кыйла кыял күтүшкөн. Жараткан бир ирет оомат берсе, арты-артынан куюшкандашып кете береби, айтор береги эки инсан кайрадан кызматка илешишти. Азиз Суракматов өлкөбүздүн Соода-өнөр жай палатасынын Дубайдагы өкүлү болсо, Алмаз Кененбаев Абу-Дабидеги өкүлчүлүгүн карамай болду. Эми береги экөө элжерибиз үчүн иштеп, өздөрүн көрсөтө алаар бекен? Булардын илгерки иштерине коомчулукта ичи чыкпагандар көп эле…
№39 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 16-майы

