"Эркин-Тоо"

“Суу автоматташтыруу жана метрология” долбоорлоо инженердик технологиялык институтунун жетектөөчү адиси Сабатбек САТАРКУЛОВ:“СЕЛ МЕНЕН КҮРӨШӨ ЭЛЕКПИЗ, ЫЛАЙДАН ГАНА ТАЗАЛАП ЖАТАБЫЗ”

Быйылкы жылы жаратылыш кырсыктары, өзгөчө кыян, сел жүргөн учурлар көбөйгөнүн байкап жатабыз. Буга чейин жаз айларында катталса, быйыл жай мезгилинде дагы өзгөчө түйшүк жаратууда. Өкүнүчтүүсү, адам өмүрү кыйылганын көрүп жатабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын өкүлү Кубаныч Темирбек уулу 2-июлда маалымат берип, май айынын акыркы эки жумасында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында селден 16 адамдын өмүрү кыйылганын билдирген.

14-июлда катуу жааган жаандан улам Ош облусунун бир катар аймактарында сел жүрүп, борбордук базарды каптады. Жети жашар кыздын сөөгү Өзбекстанда табылды. Ал эми Ош шаарындагы Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөн 44 жаштагы аялды 7, 10 жана 19 жаштагы кыздары менен кошо сел агызып кетип, алар изделүүдө. ӨКМ жалпы беш кишини сел агызып кеткенин ырастады. Кырсык болгон күнү Озгур айылында селден жарандарды өткөрүп жаткан КАМАЗ жылып кетип, бир жаранды тебелеп кетип каза тапканын маалымдады.

Биз ушул маселе боюнча  КРнын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу «Суу автоматташтыруу жана метрология» долбоорлоо инженердик технологиялык институтунун жетектөөчү адиси, II даражадагы «Манас» орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу, техника илимдеринин кандидаты, профессор Сабатбек Сатаркулов менен маек курдук.

— Сабатбек Сатаркулович, сиз жакында эки илимпоз (техника илимдеринин доктору Кыдыкбек Бейшекеев жана техника илимдеринин кандидаты Эрик Мамбетов) менен биргеликте сел боюнча «Селдер жана алардан коргоо чаралары» аттуу китепти жарыкка чыгардыңыздар. Азыр бул тема абдан актуалдуу болуп турат, китептин маани-маңызы боюнча айта кетсеңиз?

— Биз тоолуу өлкөдө жашайбыз. Тоолордон үч миңден ашык дарыялар агып чыгат. Алар кичине дарыяларга кошулат, демек, булардын бардыгынан сел жүрүшү мүмкүн. Селдин жүрүшү каптаган кокту-колоттордо да байкалып жатат. Сел – коркунучтуу табигый кубулуш. Ал эл чарбасына сезимдүү (өтө чоң) зыян келтирет, адамдардын өмүрүнө да коркунуч туудурат. Муну бардыгыбыз билебиз. Бирок, сел менен кандай күрөшүштү жакшы биле албай жатабыз. Жарыкка чыккан китеп биринчиден илимибизди тереңдетет, экинчиден селди билгенге жана аны менен күрөшкөнгө жардам берет.

— Азыр сел менен күрөш жүрбөй жатабы?

— Күрөштө селди жеңишибиз керек, агып келе жаткан селди токтотуп коюшубуз керек. Азыр сел менен накта күрөшө элекпиз, талкаланып кеткен курулмаларды калыбына келтирип, сел каптап кеткен чарбалык жерлерди кум-чополордон же ылайдан гана тазалап жатабыз.

— Анда сиздин оюңузча сел менен кантип күрөшүшүбүз керек?

— Буга окшогон көп суроолорго жооптор жогоруда айтылган китепте берилген, анын баарын тизмектесек көп убакыт кетет. Китепте биздин далилдүү сунуштар, ошондой эле дүйнөлүк жана советтик илимпоздор менен инженерлердин анализдери келтирилген. Кыскача айта кетсем, китептин биринчи бөлүгүндө дарыялардын жана аларда аккан суулардын жана шилендилердин өзгөчөлүктөрү, чыгымдары жана гидравликалык режимдери, экинчи бөлүгүндө сел жана сел агымдары терминдеринин аныктамаларынан баштап, селдин типтери, бири-биринен жана жөнөкөй суулардын агымынан айырмасы, селди пайда кылуу башаттар, селдер менен күрөшүү сунуштары ж.б. бар. Ал эми үчүнчү бөлүгүндө сел менен күрөшүүдө кандай жолдор тандалып алынганы, курулган курулмалардын кемчиликтери келтирилсе, төртүнчү бөлүгүндө коюлган талаптарга жооп берүүчү жакшыртылган жана жаңы суу агызгычтар жана алардын түзүлүштөрү, аларды кандай куруу сунуштары жазылган.

— Сел менен күрөшүүдө кайсы сунушту пайдаланса болот?

— Башка авторлордон берилген сунуштар булар – такырланган суу топтоочу аянтты жашылдандыруу, мындай бассейндерге малды жайылтууну токтотуу, бассейндерди токойлотуу, мына ушундай максат үчүн тоонун боорун тектирлөө. Бул сунуштарга каршы болбой, биз селди дароо токтотуу үчүн плотинаны пайдаланып, аны суу агызгыч  менен жабдууну сунуштадык. Китепте мындай курулмалардын көп түзүлүштөрү келтирилген.

— Плотина жана суу өткөргүчтөрдү куруп койсо эле маселе чечилет деп ойлойсузбу?

— Чечилет, себеби суу плотинага жакындаганда эле түпкү түтүк аркылуу агыза башталат, ал эми шилендилер болсо курулманын сыйдыргычтыгында кала берет. Жылчык тосмонун төмөн жагын шилендилер басып калса, анда суу тосмонун үстү жагынан агызыла берет. Эгерде сыйдыргыч сууга толуп кетсе, анда ашык суу тосмонун үстүндөгү катастрофалык тешиктен ташталат. Сыйдыргыч акырындык менен шилендилерге толсо, анда бул жерде кокту-колот же дарыя тоонун жантыгына айланат. Селдүү сай жок болуп, анын ордунда тоо жантаймасы пайда болот.

— Ошондой курулманы эксперименталдык негизде башташ керекпи?

— Ооба, аны дароо курбай, эксперименталдык курулмалардан баштоо зарыл. Бирок, ага кызыгып, аны кура турган мекеме белгисиз болуп турат.

 

                                                                                                                                            Кылычбек Кудайбергенов

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!