"Эркин-Тоо"

Суу көйгөйү: ЖК комитети 150 млн сом бөлүп берүү сунушун колдоду

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 8-июндагы кезексиз жыйынында Бишкек шаардык мэриясынан суу алуучу жайдын курулушуна 150 миллион сом бөлүү сунушун колдоду.

Бүгүн жалпы жыйында депутат Марлен Маматалиев Бишкектин ичүүчү суу тартыштыгын чечүү үчүн эң аз 100 миллион сом жана төрт аймактан жер тилкеси талап кылынарын билдирген.

Жыйынтыгында комитет министрлер кабинетине «Башкара-Суу» участкасынын аймагына суу топтоочу жайды курууга республикалык бюджеттен 150 миллион сом бөлүүнү тапшырды.

Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиевдин айтымында, төрт скважинадан жаңы суу алуу Арча-Бешик конушундагы суу тартыштыгын чечет.

Садыр Жапаров Казакстандагы форумда суу маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы тууралуу маселе көтөрүлүп, өкмөт мүчөлөрү жана шаар бийлигинин өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Марлен Маматалиевдин маалыматына караганда, Бишкектеги суу тартыштыгын чечүү үчүн бюджеттен 100 млн сом бөлүү керек. Депутат шаар бюджетинде мындай акча жок болгондуктан реалдуу чечим издөөнү сунуштады.

«Азыр биз суу маселесин талкуулап койсок эле маселе чечилип калбайт. Эң аз дегенде төрт жерден суу чыгаруу үчүн бюджет бөлүнүшү керек деп сурашкан. Мэрияда акча жок. Азыр парламент бюджет маселесин чечип берип коёлу, тийиштүү акча бөлүнсүн. Менин билгениме караганда, 100 миллион сомдон 400 млн сомго чейин акча керек«, — деди депутат.

Вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев Бишкекте Баш-Кара-Суу суу тосмосунун жанынан төрт гектар жер, «Сельский» суу тосмосунун жанынан 3 гектар жер, «Контррезервуар» суу тосмосунун жанынан 4 гектар жер керек экенин айтты. Бир суу кампа курууга болжол менен 150 милилондой сом сарпталат, жалпысынан 500 миллионго жакын сом талап кылынат.

Бишкек шаары ичүүчү суу менен Орто-Алыш жана Ала-Арча жер астындагы суу кендеринин 37 суу алгычынан камсыздалат. Бул сууну шаарга жакын айылдардын тургундары да пайдаланат.

Өткөн жумада борбордо суунун тартыштыгынан улам көп көлөмдөгү суу керектелген жеке мончолор, унаа жуучу жайлар жана бассейндер убактылуу жабылган. Мындан тышкары бир канча конушка суу берүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Борбордун мэриясы 5-июнда жарандарды сууну үнөмдөп колдонууга чакырган билдирүү таратты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!