Президент Садыр Жапаров Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын V консультативдик жолугушуусунда суу маселесине токтолуп, Кыргызстанда жана Борбордук Азиянын коңшу мамлекеттеринде кышындасы электр энергиясын керектөө кескин көбөйүп жатканын, жайкысын кургакчылыктан жана суунун аздыгынан суу тартыштыгы кеңири жайылганын айтып, Кыргызстан суунун деңгээлинин аздыгынан республиканын суу чарба жана гидротехникалык курулуштарына келтирилген зыянга карабастан, суу ресурстары боюнча мамлекеттер аралык милдеттенмелерин жоопкерчиликтүү жана толук аткарууну улантып жатканын билдирди.
Эгерде бүтүндөй Борбор Азияны ала турган болсок, суу ресурстары, электр энергиясы боюнча тартыштык болушу мүмкүн эмес экен. Тилекке каршы, суу-энергетика ресурстарын аймактагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына жараша сарамжалдуу пайдаланууга шарттарды түзүүдөн аксап келатканын моюнга алган эч ким жок. Ошондуктан, Президент Садыр Жапаровдун суу чарба уюмдарын бүгүнкү күндүн реалдуулуктарына шайкеш келтирүү үчүн реформалоо сунушу дагы учурдун актуалдуу маселеси.
Бир маанилүү нерсени эске алалы. Борбордук Азиянын суу ресурстарынын 40%ы Кыргызстанда топтолсо, калганы Тажикстандын аймагында топтолуп сыртка агып чыгат экен. Айрым маалыматтарга караганда, Нарын – Сыр-Дарыянын агымын ала турган болсок, агып өткөн суунун 50,5%ын Өзбекстан, 42%ын Казакстан, 7%ын Тажикстан жана араң эле 0,5%ын Кыргызстан пайдалана турганы маалым болду. Ал эми Чу-Талас дарыяларынын агымынын үзүрүн Кыргызстан менен Казакстан болжол менен теңме-тең көрүшөт дешет. Статистикалык маалыматтарга ынансак, суу ресурстарына бай деген Кыргызстанга караганда, биздин өлкөбүздү аралап өткөн Нарын дарыясынын суусунун дээрлик бардыгын Казакстан менен Өзбекстан пайдаланат экен. Демек, сууэнергетикалык ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга биринчилерден болуп, кошуналар кызыкдар болушу керек эле. Бирок, кошуна өлкөлөр суу тартыштыгына үңүлө кароонун ордуна, кандайдыр бир кырдаалда Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды чек арадан өткөрбөй, экономикалык блокада жаратып келгенин көрүп келатабыз.
Тарыхка көз чаптырсак, Кыргызстандагы Токтогул суу сактагычы 1970-жылдары Өзбекстан менен Казакстандын түштүгүндөгү кургак жана нымдуу мезгилде сугат суусун сактоо жана суунун балансын сактоо үчүн пайдаланганы маалым. Совет доорунда суу чыгаруунун 3/4 бөлүгү жай айларында, 1/4 бөлүгү кышында чыгарылчу. Бул суудан өткөн электр энергиясы экспортко чыгарылып, Кыргызстан кышкысын энергия менен камсыз кылуу үчүн Казакстан менен Өзбекстандан газ алып турган. Эгемендүүлүк менен бул кызматташтык үзгүлтүккө учурады. Анткени менен суу аз болобу, көп болобу ар кандай кырдаалдарга карабастан, Кыргызстан кошуна өлкөлөрдү сугат суусу менен камсыз кылууда өз милдеттенмесин так аткарып келе жатканын Президент Садыр Жапаров консультациялык кеңеште дагы бир жолу баса белгилегенин эстейли.
1992-жылы Алматыда Борбор Азиянын бардык беш мамлекетинин ортосундагы суу ресурстарын биргелешип башкаруу башталган экен. Андан кийин 1998-жылы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан ортосундагы «Нарын-Сырдарыянын суу жана энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө» макулдашуунун алкагында кызматташтыкка кол коюшкан. Ал макулдашууда өлкөлөр ортосунда суу жана энергетикалык ресурстарды тең салмактуу алмашуу каралган. Бирок, макулдашуу максатына жетпей келет.
Чынында суунун тартыштыгы дүйнө коомчулугун тынчсыздандырып турган учур. Европанын 19 мамлекетин суу менен камсыз кылып келе жаткан Дунай дарыясынын айрым бөлүктөрүндө суунун деңгээли коркунучтуу абалга жеткенин айтып келишет. Маселен өткөн жылы Болгарияны аралап өткөн Дунайдагы суунун деңгээли «нөлдүк чекиттен», башкача айтканда, минималдуу жол берилген чектен минус 69 см жеткен Оряхово конушунун аймагында эң оор кырдаал түзүлгөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Бирок, ал жакта эксперттик топтор мониторинг жүргүзүп, климаттык өзгөрүүлөргө өзүнүн баасын беришип, сууну натыйжалуу башкаруунүн жолун издешет экен.
Борбордук Азияда сууга болгон мамиле таптакыр башкача. Мисалга алсак, быйылкы жылы Кыргызстандагы Киров суу сактагычындагы абал коркунучтуу кырдаалга жеткенине бирге анализ жүргүзүүнүн ордуна казак коомчулугу суу тартыштыгын саясатка айландырып жиберишти. Же болбосо Борбордук Азия өлкөлөрүн суу менен камсыз кылууда маанилүү ролго ээ болгон Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11,610 млрд куб метрди (18.09.2023-ж.) түзүп турат экен. Суу сактагычтын максималдуу көлөмү болгон 19,5 млрд кубга жетиш үчүн дагы бир нече жылдар керек дешет адистер. Албетте суунун деңгээли климаттык өзгөрүүгө көз каранды. Мына ушунун өзү аймакта суу-энергетикалык кризистин жаралышына себеп болууда. Буга деле кошуналар кайдыгер. Ошондуктан, суу Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык бакубаттуулугунун негизги факторлорунун бири болуу менен мамлекеттер аралык кызыкчылыктардын предмети катары бааланбай келе жатат деп айтууга негиз бар.
Дагы бир кызык жагдай, Кыргызстан аркылуу агып өткөн сууларды кошуналар кандай пайдаланып жатат деген суроо жаралбай койбойт. Дыйканчылыктын баркын билген Өзбекстанда өз алдынча суу сактагычтар курулуп, сууну натыйжалуу пайдаланууга аз да болсо шарт түзүп алган дешет. Ал эми Казакстанда абал башкачараак. Бул мамлекетте Кыргызстандай эле агын сууларды коромжуга учуратууга жол берилип келет экен. Анткени, бөлүштүрүү системаларындагы техниканын эскилиги жетип, суу инфраструктурасынын азыркы абалы канааттандырарлык эмес экенин моюнга алуу кажет. Айрым маалыматтарга караганда, Борбордук Азия өлкөлөрү ирригациялык түйүндөрдү начар башкаруунун айынан жыл сайын болжол менен 2 миллиард АКШ долларын жоготууга учурайт экен. Ушундан улам, учурдун чакырыктарына даяр туруш үчүн суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууда бирдиктүү саясат суудай зарыл. Президент Садыр Жапаров туура белгилегендей, бир өлкөдө суу-энергетикалык көйгөйлөрдүн чечилбегени Борбор Азиянын башка мамлекеттерин суу менен камсыздоо маселесин жаратышы мүмкүн.