"Эркин-Тоо"

Суучулдар Ысык-Көлдүн жээгин таштандылардан тазалоону улантууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу суучулдар кызматы Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштерин улантууда.

Жайкы туристтик сезон башталганга чейин Чолпон-Ата шаарындагы жээктерди иретке келтирүү иштери күчөтүлдү. Үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинен бүгүнкү күнгө чейин көлдүн 3 353 гектардан ашуун аянты тазаланып, 2 672 кг таштанды жана 2 700 метр синтетикалык тор алынды.

Суучулдар Ысык-Көлдө балыктын урук чачуу мезгили жүрүп жатканына карабастан, балык уулоо токтобогондугун белгилеп, жарандарды мындай иш-аракеттерден алыс болууга жана көлдү таза сактоого чакырды.