"Эркин-Тоо"

Суукка байланыштуу Бишкек мектептеринде сабактын убактысын кыскартуу сунушталды

Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Бишкек мектептеринде сабактын убактысын кыскартуу сунушталды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

«Бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтырууга болот. Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалууда», — деп белгилешти муниципалитеттен.

Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Өлкөнүн айрым аймактарында термометрдин көрсөткүчү -33°C чейин төмөндөйт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!