Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүүдө сууну аз колдонгон жана түшүмдүүлүгү жогору болгон гидропоника технологиясы акырындык менен жайылып жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган ыкма өсүмдүктөрдү топураксыз, атайын азык кошулган суу аркылуу өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Гидропоника салттуу дыйканчылыкка салыштырмалуу сууну 70–90 пайызга чейин үнөмдөйт. Ошондой эле өсүмдүктөр тез өсүп, туруктуу түшүм алууга болот. Айрыкча шаар шартында, чакан аянттарда жана жабык жайларда дыйканчылык кылуу үчүн ыңгайлуу деп бааланат.

