Сууну кайнатканда ал өзүнүн касиеттерин жоготот жана канчалык көп кайнатылса, ошончолук организмге зыян алып келет. Идеалдуу жагдайда суусуну кайнатпай, максималдуу денгээлде тазалоочу фильтрлерди колдонуу жакшы. Албетте, тазаланбаган сууну ичүү кооптуу. Ар кандай кудуктардан дагы суу ичүү сунушталбайт, акыркы убакта кудуктардагы сууларда оор металлдар чогулуп калуу көрүншү пайда болду, ал жер кыртышы аркылуу сиңип, кудукка түшкөндөн. Организм сууну толук кандуу алып туруусу үчүн күнүнө жок дегенде 2 литр суу ичүү керектелет. Андан ашык кабыл алуу да болбойт! Антпесе, суу организмдеги зыяндуу нерселерден тазалабастан, пайдалуу заттарды дагы жууп, кетире баштайт. Гипергидратация аттуу оору сууну ашыкча кабыл алуудан пайда болот. Сууну канча ичүү керектигин тагыраак айтсак, 1 килограмм салмакка 30 мл суу. Мисалы, эгер сиз 70 килограмм салмакта болсоңуз, 2 литр суу ичиңиз, 80 килограмм салмакта 2,5 литр керектелет.