23-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 641 миллион кубометрди түздү. Бул тууралуу маалыматты «Электр станциялары» ААК билдирет.
9-декабрдан бери Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 756,2 миллион метр кубга азайды.
23-декабрга карата суунун агып кириши секундасына 183 куб метрди түзүүдө, агып чыгышы -секундасына 777 метр куб. түзүүдө.
2023-жылдын ушул эле күнү Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 663 миллион метр куб болгон. Ал эми агып кирген суунун көлөмү секундасына 162 куб метрди түздү, агып чыгышы — секундасына 661 кубометр болгон.