Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы -43 градуска чейин жетип жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар абанын температурасын термометр менен ченеп көрүшүп, социалдык тармактарга билдиришти.
Алардын айтымында, термометр -40, -43 градусту көрсөтүп жатат.
«Негизи кышкы чилде 19-декабрдан баштап түшөт, бирок быйыл суук катуу болуп
жатат. Кар башка жылдарга салыштырмалуу аз. Былтыр бул убакта кыш жылуу
болгон. Кышында күндүз тоңгон муздар ээрип, тамчы таамып чыккан», — деген
жергиликтүү тургун Аскат Таглыков.
Комментарий калтыруу