Суусамыр өрөөнүндөгү жалпы 472 миң гектар жайыт аянтынын 800 гектарын тикенектүү алтыгана бадалы өсүп, ээлеп алганына бир топ жыл болду. Алтыгана өскөн жерде тоют чөптөрү өспөй жоголуп баратканы буга чейин көйгөйлүү маселе катары республикалык деңгээлде көтөрүлүп турган.
Алтыгана маселеси 8-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги менен өткөн өкмөттүк жыйында кайра көтөрүлдү. Анда өкмөт башчы тикенектүү жапайы алтыгана бадалынын жайылышына каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат укту.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги алтыгана бадалын кайра иштетүү аркылуу жер семирткич жана тоют чыгарууну пландап жатканы, бирок ал үчүн тиешелүү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгын түшүндүрдү.
Ал эми окумуштуулар алтыгана жер кыртышын кармап турган бадал болгондуктан, аны жок кылуудан экология зыян тартарын эскертишти. Улуттук илимдер академиясы бадалдын көчөттөрүн уулуу калдыктар сакталуучу жайларга көчүрүп отургузуу менен экологияга пайда алып келүүгө болорун белгилешти.
Акылбек Жапаров алтыгана өскөн аймактарды аныктоону, ошондой эле айдоо аянттарына жана жайыт жерлерине өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Министрлер кабинетинин төрагасы бул маселе боюнча тиешелүү бардык мекемелерге, министрликтерге алтыгана бадалынын жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.