Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2024-жылдын 10-сентябрына карата Кыргызстандын аймагында тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 415 юридикалык ири жана орто ишканалар иштеп жатканын билдирди. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жайгашкан. Облустар боюнча алганда
- Баткен облусунда – 7;
- Жалал-Абад облусунда – 38;
- Ош облусунда – 28;
- Ысык-Көл облусунда – 25;
- Нарын облусунда – 11;
- Талас облусунда – 4;
- Чүй облусунда – 136;
- Бишкек шаарында – 146;
- Ош шаарында – 20.
Ошондой эле тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 10813 жеке ишкерлер катталган. Алардын эң көбү Чүй облусунда жайгашкан.