"Эркин-Тоо"
Талаштан тактык жаралат Эркин Тоо гезити

СУЯБ ШААРЫНЫН ЧЫНЫГЫ ОРДУ КОЧКОР ӨРӨӨНҮНДӨБҮ?

Тарыхты тастыктоодо, тактоодо көп талаш-тартыштар боло берет. Айрыкча байыркы жана орто кылымдагы тарыхты изилдөө аракеттери тынымсыз жүрүп турат. Биз бүгүн так ошондой  тарыхый тактоолордун бири тууралуу сөз кылалы деп турабыз.

Тагыраагы, сөз байыркы Суяб шаары тууралуу болот.  Биз VI–X кылымдарда Батыш Түрк жана Түргөш кагандыктарынын баш калаасы болуп, кийин жоголуп кеткен Суяб шаары тууралуу билебиз. Бул байыркы шаар, Жибек Жолунун жээгинде жайгашып, чоң соода ордосу болгондугу айтылып жүрөт. Тарыхта Суяб шаары азыркы Токмок шаарынан анча алыс эмес жердеги Ак-Бешим чалдыбарынын ордунда жайгашкандыгы тууралуу далилдер бар. Бул маалыматтарга үлкөн тарыхчылар да кошулуп, азыр Кагандыктын борбору Ак-Бешимде деп белгиленген.  Ал эми Орто кылымдагы авторлордун маалыматтарына караганда Суяб Чүй өрөөнүндө жайгашкан, бирок андагы орду ушул күнгө чейин тактала элек. Айрым тарыхчылар Суябды Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Шабдан кыштагынын жанындагы шаар чалдыбары менен байланыштырат.  Бирок, бул шаардын орду аты аталган жерде эмес, такыр бөлөк өрөөндө дегендер да жок эмес.  Мисалы, өткөн аптада байыркы Суяб шаарынын орду Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында жайгашкандыгын тастыктап, илимий жактан далилдеген “Суяб-Ордокент-Кашкар, Баласагын” аттуу китептин бет ачары болду. Бул эмгектин автору Кайырбек Коңурбаев деген энтузиаст аксакал. Ал 40 жылга жакын убакыт Суяб шаарынын чыныгы ордун изилдеп жүрүп, китепте ушул күнгө чейин тарыхый орду тактала элек  Баласагын, Суяб шаарларынын  чыныгы орду Кочкор өрөөнү экендигин далилдеп бериптир.

Кайырбек Коңурбаев бул далилдерди жөн жерден эле келтирбеген. Анын айтымында 70 жыл мурда Кум-Дөбө айылынын тургундары айыл чарба иштерин жүргүзүү маалында жерден бир канча артефакттарды табышкан. Тереңдиги 15 см жерди казганда эле кадимки бышкан кызыл кирпичтен  салынган шаардын калдыктары, тиричилик буюмдары, тыйындар, топчулар чыга баштаганы ал кезде чоң ачылыш болгон.  Бул табылгада эң маанилүү жери бышкан кызыл кирпичтер болгон. Эске салсак, тарыхый булактарда Суяб шаары кызыл кирпичтен курулган шаар болгон деген маалымат бар. Ал эми Токмок шаарындагы Ак-Бешимден эч кандай кызыл кирпич табылбагандыгын жергиликтүү эл бир нече жолу кыргыз бийлигине айтып кайрылган. Бирок, Кайырбек Коңурбаев баш болгон жергиликтүү элдин табылгаларына талаптагыдай көңүл бурулган эмес. Андыктан, ал Суяб шаарынын чыныгы орду тууралуу китеп жазууну чечкен.

Кайырбек Коңурбаев Кочкордон табылган байыркы шаар өзүнүн баасын алып, изилденбегендигине нааразы экендигин жашырбайт. Азыр да артефакттар табылган жай короолонбой, кадимки айыл чарба жерлери катары колдонулууда.  70 жылдан бери улам жер айдалган сайын бир буюм табылып олтуруп,  артефакттар айылдагы үй музейге сыйбай да баратат.  Андыктан, Кайырбек аксакал  Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап,  Кочкордон табылган байыркы шаардын калдыктарын изилдөө тапшырмасын берүүнү суранууда. Эгер байыркы шаар изилденип, анын чыныгы орду Кум-Дөбөдө экендиги далилденип калса, илимде чоң ачылыш болору анык.

Жазгүл Кенжетаева