№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрда өтөт. Аталган округдан шайланган депутат Тазабек Икрамов өз ыктыяры менен мандатын тапшыргандан кийин мандат бош калган. БШК учурда бул орунга талапкерлердин документтерди кабыл алууну токтотту. Жыйынтыгында тогуз талапкерди катталганы маалымдалды.