Бүгүн, 18-февралда саат 04:26да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак, Бек-Абад, Жийде, Күмүш-Азиз айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.