"Эркин-Тоо"

Сузакта аялдарды мыйзамсыз окуткан диний борбор жабылды

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Мундуз айылында 30га чукул аялды окуткан «Чолпонай» диний билим берүү борборунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, диний окуу борбору 2022-жылдын ноябрында мыйзамдын “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” 8, 10-беренесин бузуу менен негизделгени аныкталган.

Мында сабактар жумасына эки жолу өткөрүлүп, алар Курандын негиздерин жана исламий укук илимин үйрөтүшөт. Ал эми мугалимдердин жогорку диний билими жок болуп чыккан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында диний окуу борборунун ишмердүүлүгү токтотулуп, «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 142-беренесине ылайык тиешелүү актылар түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып салынган.