"Эркин-Тоо"

Сузакта массалык Манас айтуу учурунда окуучулар жабыркады

Бүгүн, 2-майда болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда «Манас» айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды «Портер» үлгүсүндөгү машине коюп кетип, 30 бала жабыр тартты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркагандар 9-16 жаштагы мектеп окуучулары. Учурда Сузак аймактык ооруканасына 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна 8 бала жаткырылды. Алардын абалы орто экени кабарланды. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

«Бул окуя министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Сузак милициясы бул окуя боюнча маалымат таратып, «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү автоунаа токтотуп койгон жеринен, иш чара өтүп жаткан учурда кокусунан жылып кетип окуучуларды тебелеп кеткенин билдирди. Милиция алдын ала текшерүү иштерин баштады.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!