"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

СЫЙЛЫК КУТ БОЛСУН!

10-сентябрда «Эркин-Тоо» гезитинин редакциясында «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин башкы редакторунун 1-орунбасары, КР Улуттук жазуучулар союзунун, КР журналисттер союзунун мүчөсү, көркөм жана публицистикалык жанрдагы бир нече китептердин автору, миңдеген окурмандардын сүйүктүү жазуучу, акыны Шекербек Мусабекович Калыковду “Түрк элдеринин маданиятына кошкон салымы үчүн” КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орунбасары, белгилүү акын Атантай Акбаров редакцияга келип, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмунун төш белгиси менен сыйлады. Шекербек Мусабековичти сыйлоо сунушу менен “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раевге «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин жалпы жамаатынын атынан башкы редактор Жазгүл Карбосова расмий кат аркылуу кайрылган.

Кесиптешибиз Шекербек мырза чындыгында бул эл аралык сыйлыкка татыктуу инсан. Ал төгөрөгү төп келген мыкты талант. Жазуучулук, акындык менен кошо обончу, аткаруучулук аздек дүйнөнү да ала жүрөт. Ондогон обондуу ырлардын автору. Аккордеонду сыбызгыта тартып, мукам үнү менен обон созгондо, уккан адамга артынан аалам ээрчип келаткандай таасир калтырат. Гезитте башкы редактордун орунбасары кызматын аркалоо менен ар дайым редакциядагы улуу-кичүү ортосунда “алтын көпүрө” милдетин аркалап, жалпы коомчулук арасында маданий дипломатиялык байланыш түзүп турат. Ийгиликте чек болбосун, Шекербек мырза! Сыйлык сиздики болсо, сыймык окурмандар менен биздики. Дагы да жан дүйнөгө руханий азык тартуулаган мыкты чыгармаларды күтөбүз. Арыбаңыз!

“Эркин-Тоо” гезитинин жамааты