"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Сын-Таштагы спорт комплексинин курулушу канча пайыз бүткөрүлдү?

Курулуш министрлиги билдиргендей, Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин директору Ислан Момоконов жана орун басары Жыргал Медетканов Чүй облусундагы социалдык объекттердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерип келди.

Иш сапардын алкагында алар Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылында курулуп жаткан спорт комплексинде болушту. Маалыматка ылайык, аталган объект эки кабаттуу “А” жана “Б” блоктордон турат. Жалпы аянты 620 чарчы метрди түзгөн имараттын курулуш иштери учурда 47 пайызга бүткөрүлгөн.

Спорт комплексин куруу иштери 2024-жылы башталган. Ал республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.