"Эркин-Тоо"

Сырдуу катта эмне сыр катылган?

 УКМКнын төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевге карата жалданган киллердин жазган каты кыргыз коомчулугун бир “селт эттирип” алды. Журналисттерге кагаз конвертти көрсөткөн Камчыбек Ташиев анын ичинде кат жазылган флешка болгонун, катта белгисиз бирөө анын өзүн жана үй-бүлөсүн өлтүрүү үчүн атайын жалданган баш кесер экенин, ал олигархтардан жана кримтөбөлдөрдөн бул тапшырманы аткаруу үчүн өтө көп каражат алганын, демек, сөзсүз түрдө аягына чыгарарын айтканын билдирди. Мындай коркунучтуу кабарга карата күч органдарында иштеп кеткен генералдар эмне дейт? Биз аларга дал ушул суроону бердик.

Генерал-лейтенант Токон Мамытов:

“Окуя олуттуу талдоону талап кылат”

— УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин дарегине айтылган коркутуу каты менен болгон окуя чындап эле көптөгөн суроолорду жаратып, ар кандай жоромолдорго орун калтырууда. Берилген текст көңүл бурууга арзырлык бир нече негизги аспектилерди баса белгилейт. Кат жалпы аудиториянын башаламандыгын пайда кылуу үчүн атайын жасалган окшойт. Бирок, психологиялык басымдын контекстинде карасак, мунун артында коркутуу аркылуу манипуляция ыкмаларын өздөштүргөн адистер турушу мүмкүн экени айкын болот. Бул каралоо кампаниясынын бир бөлүгү болушу мүмкүн. Экинчиси, тышкы оюнчулардын катышуусун болжолдоо учурдагы геосаясий кырдаалга жана жергиликтүү кризистер аркылуу туруксуздаштыруу практикасына негизделген. Акыркы жылдары Кыргызстан кырдаалды солкулдатуу аракеттерине каршылык көрсөттү, бирок, стабилдүүлүктү сактоо үчүн олуттуу күч-аракет талап кылынат. Ташиев белгилегендей, катта Президентке жана өзүнө каршы жасалган алдын алуу аракеттери жогорку деңгээлдеги чыңалууну жана мамлекеттин жогорку кызмат адамдары үчүн коркунучту көрсөтүп турат. Башка өлкөлөрдүн (Казакстан, Өзбекстан) тажрыйбасы көрсөткөндөй, мындай провокациялар масштабдуу кризистерге айланып кетиши мүмкүн. Борбордук Азия эл аралык геосаясатта маанилүү түйүн болуп саналат жана аймактагы кайсы бир өлкөнүн деста-билдешүүсү анын коңшулары үчүн оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Жогорудагы фактыларды эске алсак, окуялар олуттуу талдоону жана комплекстүү мамилени талап кылат. Кыргызстан үчүн мамлекеттик коопсуздук институтун мындан ары да чыңдоо жана коңшу мамлекеттер жана эл аралык өнөктөштөр менен аймактык өз ара аракеттенүү системасын өнүктүрүү маанилүү. Мындай провокациялар аркылуу коомдук пикирди бурмалоо аракеттерине каршы туруу үчүн маалыматтык саясатка да көңүл буруу зарыл.

Генерал-майор Артур Медетбеков:

“Ташиев өзүнө сак болушу керек”

— Атайын жалданган киллердин адам өлтүрүү боюнча алдын-ала эскертүүсү көп ой-пикирлерди жаратууда. Адатта адам өлтүрүү боюнча буюртма алган “көзгө атаар” кокусунан кол салат. Экинчиден, бул көрүнүш психологиялык жактан коркутуп, эскертүү болушу мүмкүн. Үчүнчүдөн, УКМКнын төрагасы мындай шартта өзүнө сак болушу керек. Жеке өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна сак болуп, жеке күзөттү күчөтүшү абзел. Камчыбек Ташиевдин атайын кызматтын башчысы катары соңку убакта уюшкан кылмыштуу топторго, жемкорлорго каршы ачкан күрөшү “колу туткактарга”, уурулар менен шумпайларга жакпайт. Эң негизгиси Кыргызстандын тарыхында мындай кол салуу окуялары болуп келген. Кийин алардын бети ачылган. Кандай болгон күндө да мындай маалыматтарды четке какпай, бардык ишти толук ийне-жибине чейин иликтеп, териштирип, оперативдик издөө иштерин жогорку деңгээлге чейин чыгарып, бул ишке буюртма берген уюштуруучу, аткаруучулардын ким экендиктерин табууга бардык шарттарды түзүү керек. Эгерде атайын кызматтын төрагасына, анын үй-бүлөсүнө ушундай коркунуч, кыр көрсөтүп жатышса анда карапайым жарандарыбыздын коопсуздугу кандай болот? Демек, коомчулукта тымызын, билгизбей жүргөн криминалдык топтор, алар менен байланышкан күчтөр дагы деле болсо бар. Акчасына таянган кээ бир шумпайлар дагы деле болсо ушундай жол менен мамлекеттик бийликте ким иштебесин, аларга каршы күрөшүп, коркутканы биздин коомдогу абдан чоң коркунуч болуп эсептелет. Коомчулук, жөнөкөй жарандарыбыз баш болуп бул ишке кайдыгер карабай, мүмкүнчүлүк болсо баарыбыз мындай коркунучтарга каршы турууга өзүбүздүн жардамыбызды аябашыбыз зарыл.

Генерал-майор Сүйүн Өмүрзаков:

“Мамлекеттин ички коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн…”

— УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйынында берген маалыматы өтө олуттуу маселе. Себеби, андагы айтылган фактылар менен ар кандай деструктивдүү элементтердин аракеттери мамлекеттин ички коопсуздугуна өтө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн тергөө-ыкчам тобу мындай шартта бардык жагдайларды дыкат иликтөө менен буга тиешеси бар адамдарды аныктап, мындай коркунучтарды түп тамырынан бери жок кылуу зарыл. Учурда күч органдарынын адистиги, күчү, техникалык мүмкүнчүлүктөрү, жогорку тажрыйбасы толук жетиштүү. Азыр тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыктан алдын-ала божомолдоо жана ашыкча комментарий берүү орундуу эмес деп эсептеймин. Жыйынтыгы менен көп жаңы жагдайлар аныкталышы мүмкүн. Ошондой эле бул факт боюнча бир нече версиялар иштелип чыгып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлөт.

Калыгул Бейшекеев

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!