Кыргыз Республикасынын эл артисти, “Манас” улуттук академиясынын Улуттук Кеңешинин мүчөсү Түгөлбай Казаковго КМШнын башкы гуманитардык «Шериктештиктин жылдыздары» («Звезды Содружества») сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу «Манас» улуттук академиясы кабарлады.
Аталган сыйлык мамлекеттик жана коомдук ишмерге «Гуманитардык ишмердүүлүккө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн» ыйгарылды. Аны тапшыруу аземи Тажикстандын борбору Душанбе шаарында өтүп, КМШ чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумунун алкагында уюштурулду.
Белгилей кетсек, «Шериктештиктин жылдыздары» сыйлыгы 2009-жылы негизделген. Ал жыл сайын КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө гуманитардык чөйрөдөгү жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.