
— Түмөнбай мырза, жетекчилик кадам жемиштүү башталып жатабы? Кандай жаңылыктар, өсүүлөр болууда?
— Искусство университетине ректор болуп дайындалганыма 12-июлда алты ай болот. Жетекчи катары бул окуу жайды инновациялык, илимий-чыгармачылык университетке айландырууну көздөп жатам. Эл аралык байланыштар чыңдалып, инвестиция тартуу жолго коюлат. Бизде айлык акылар да төмөн, орточо айлык акы 12 500 экен. Айлык акы сентябрдан тарта көтөрүлөт. Учурда биздин окуу жайда миңдей студент окуйт, келечекте студенттердин контингентин көбөйтөбүз. Дагы бир чоң максатыбыз — жакынкы жылдарда жаңы окуу имараты салынат, долбоор иштелип бүттү. Окуганга, иштегенге жагымдуу шарт түзүлүп, туруктуу өнүгүүнүн жолуна түшөбүз. Кудай буюрса, Борбор Азиядагы эң алдыңкы университеттердин биринчи ондугуна киребиз деген ниетибиз бар.
— Кут болсун, эң сонун иштер болуп жаткан экен…
— Кызматкерлерге жана студенттерге тиешелүү этикалык нормаларды түзүп чыктык. Студенттер ичиндеги жарым жана тоголок жетимдерге, биринчи, экинчи топтогу майыптыгы барларга, Кыргызстандын чемпиону болгондорго, эл аралык деңгээлдеги фестивалдардын жеңүүчүлөрүнө, табигый кырсыктардан же Ош – Баткен окуясында жабыркаган үй-бүлөдөгүлөргө жеңилдик берилет. Андан сырткары, коррупцияны ооздуктоо боюнча да жобо иштеп чыктык. Эч ким студенттин чөнтөгүнө кол сала албайт. Иш-кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча Президенттин атайы жарлыгы бар. Ошого ылайык тил комиссиясынан атайын адистерди чакырып тренинг өткөрдүк. Анткени, бизде иш-кагаздардын 80 пайызы орус тилинде жүргүзүлүп келген экен. Мындан ары жалаң кыргыз тилинде болот.
— Жогорудагы аткарылган жана жүзөгө ашырууну пландап жаткан максаттарыңызды угуп ыраазы болуп турам. Мындай иш билги жетекчилик тажрыйбаны кайдан алгансыз?
— Кезинде ОшМУнун ректору, Билим берүү жана илим министри болгон Каныбек Исаков агай менен устат-шакирт болуп ээрчишип жүрдүк. Агайдын мен байкаган акылмандыгынын бири — дайыма жанына ардагерлерди жандатып, ага орто муундун, жаштардын өкүлдөрүнөн кошо ала жүрчү эле. Ардагерлердин кеңешин угуп, өзүнө сиңирип, аны орто муундун күчү менен жүзөгө ашырчу. Мен жаңы проректор болгондо отуз жашта элем. Бир күнү Каныбек агай өзүнө чакырып алып: “Түмөнбай, сен азыр жашсың. Мен дагы 26 жашымда проректор болгом. Бир нерсени эсиңе алып кой, эч качан адамдардын бирин ылдый, бирин өйдө коюп тандаба, баарына бирдей, тегиз мамиле кыл. Мүмкүнчүлүгүнө жараша кызмат, тапшырма бер. Анткени, бир мезгилде адамдар сени тандап койсо шагың сынып калат” деген. Менимче, бул эч жерге жазылбаган, устаттар гана айта ала турган мыйзам. Эсимде алтын тамга менен жазылып калган сөздөрүнүн дагы бири “илгери окуу жайдын жамааты ректорго кызмат кылчу. Азыр Ош мамлекеттик университетинде башкаруунун философиясы өзгөрдү. Ректор жамаатка кызмат өтөп жатат. Чындыгында жетекчи кызмат кылыш керек” деген. Жашоодо адамдарга кандай мамиле кылганды үйрөттү, илимге жетелеп келди. Абдылдажан Акматалиев менен тааныштырып “Менин да жетекчим ушу киши эле, эми сенин да жетекчиң болсун” деди. Менин кандидаттык ишимдин ар бир талкуусуна келип катышып, өзүнүн баласындай камкордукка алып, чечүүчү кадамдарда мени менен кошо санааркап турар эле. Мен да устатымдай болуп жаштарды камкордукка алып, өстүргүм келет. Бирөөгө бир ооз жылуу сөзүң болбосо, бирөөгө жакшылык кыла албасаң адамдыгың кайсы?.. Эсимде, бир жолу ОшМУда агай менен эшикке чыгып чогуу отуруп калдык. Агай окуу жайдын 13-ректору эле. Карасак, мурдагы ректорлордун портреттери кыркасынан илинип, агайга чейинки эң акыркы ректордун сүрөтү эшиктин оозуна келип калыптыр. “Сүрөттөрдү сыйлыгыштырып сиздикин да илип койбойлубу” десек, “мен портретимди эшигимдин оозуна илбейм, адамдардын жүрөгүнө илем” деген. Иш жүзүндө дал айтканындагыдай өмүр кечирди. Кимдер Каныбек Исаков менен үзөңгүлөш, сапарлаш болгон болсо ал адамдардын жүрөгүнөн агайдын кунсуз элеси сөзсүз табылат деп ишенем. Жакынкы жылдары устатыма арнап “Жүрөктөгү портрет” деген публицистикалык үч макала жаздым. Биз агай менен кызматташып жүргөндө түнкүсүн иштечүбүз. Ал жакшы адат мага да жуккан. Дем алыш, майрам күндөрү дагы университетте болом. Кайсы жерин оңдоп-түздөш керек деп аудиторияларды кыдырам, окуу жайдын сыртын карайм. Ушинтип чыгармачыл инсан катары адамдарды кабыл алып, жетекчи катары маселелерди чечүүдөмүн.
— Алым Токтомушевдин “Баралган жокмун” аттуу татаал, чылк поэзиясына жүрөксүбөй кайрылганыңыздын себеби эмнеде?
— Обондорумдагы эң чоң бийиктигим ушул ыр деп эсептейм. Албетте, бул обонду жазууда кыйналдым. Себеби, түрдүү чечмелесе болот экен. Мында философия, тагдыр, сүйүү, жоктоо, өкүнүч, кусалык, арман бар… “Бир мезгил келет жамгырдай төгүп, бир мезгил келет шамалдай сабап…” “Барайын дедим баралган жокмун, Карарган деңиз агарган толкун…” “Сенин да билем тизмеңде жокмун, карарган деңиз агарган толкун” деп жатпайбы. Экинчиден, акындын өмүр баянын уккандан кийин ал адамдын татаал тагдырын, түрмөгө түшкөн кезин, өмүр бою маңдайы жарыла сүйүнүп жашаган учуру аз болгонун угуп, ошого таасирленгенден улам жазылып калды. Бир жолу концертте ырдап бүтүп, аккордеонду көтөрүп кетип баратсам: “Түмөнбай, ыракмат, сонун ырдадың, жыргап уктук. Бирок ыр эмне жөнүндө экенин эч түшүнгөн жокмун” деди бирөө. “Мен да түшүнбөйм, байке” дедим да көшөгөгө кирип кеттим. Эгер Алым Токтомушев тирүү болсо бул ырдын жаралуу тарыхы боюнча көп суроо берет элем. Анткени, аны тааныган-тааныбагандардан түрдүү окуяларды уктум. Бирок акыркы чындыкты Алым Токтомушев өзү гана айтышы мүмкүн эле.
— Жаштык, талант, атак, бийлик… Булардын бирөөсүнүн эле күчү анча-мынча адамды өрөпкүтүп, текебер кылышы мүмкүн. Жаза баспай “жакшы адам” деген макамга ээ болуш үчүн кандай кадамдарды жасаш керек?
— “Керсейгендик акылы жоктуктун белгиси” деген афоризмдер бар… Кылымдын акыны Алыкул “Мен өзүмдү үй сыртынан тыңшасам” деп жазган өңдүү, адам өзүнө туура баа бериш үчүн өзүн-өзү сырттан карай жүрүш керек деп ойлойм. Адам баласы канча ийгиликтин ээси болсо дагы, ааламдын алкагында ал бир байкуш. Анын сыңарындай, чоң дүйнөнүн фонунда менин да колумдан келбеген маселелер болорлугу, өксүктөрүм, кемчиликтерим бар экенин тана албаймын. Мен карапайым үйбүлөдөн чыккан, жөнөкөй колхозчунун баласымын. Кой-эчки багып, ат аркандап, муздак сууга киринип жүрүп чоңойдум. Меникиндей үн менен ар бир кыргыз баласы ырдай алат. Ал эми ректорлук кызмат наркы бети көрүнүп турган дарыядай же бул жээктен тигил жээкке өтүүчү солкулдак көпүрөдөй нерсе. Менменсинүү чоңоюп кеткенде адам өзүн жоготот. Ушул жерден бир мисалды айта кетким келип турат, менин агам бар. Райондун күрөш боюнча мыктысы. Жаңыдан чыгып келе жатканда атам: “уулум, эл азыр күрөшкө сени чыгарат. Мен кыйынмын деп дардаңдап чыгып алып, кокусунан жыгылып калсаң, топурактан туруп келе албай кыйналасың. Жөнөкөй болуп чыксаң жеңилсең дагы унчукпай чаңыңды күүп кете бересиң. Утуп кетсең катуу сүйүнүштүн кереги жок, анткени ал убактылуу” деген сөзү кулагымда калган.
— Байкашымча, биринчи устатыңыз атаңыз болгон өңдүү?..
— 2004-жылы мектепти эң алдыңкы окуучу катары Ардак грамота менен бүтүрдүм. Республикалык тесттен эң жогорку баллды алдым. Классташтарым Ошто, Бишкекте, Жалал-Абадда бюджетке өтүп кетишти. Мен Ала-Букадагы бир институттун сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, “эми кандай билим алып, кантип окуйм” деп өксүдүм. Журналист болом деген изги тилегим бар эле. Атам бир жагынан үй салып, бир жагынан агамды үйлөнтүп кыйналып турган кези эле: “Уулум, быйылча ушул жерде окуп тур, эмки жылы Ошко же ЖалалАбадга журналистикага которуп коёбуз” дегенинен, ошол келишим менен тапшырдым. Ыр жазчумун, акын болгум келчү. Рамис Рыскулов миң куплет ыр жаттаган дегенди окуп алып, мен дагы миң куплет ыр жаттадым. Эсимде, Барпы Алыкуловдон 154 куплет, Алыкулду, Жоомартты, кыргыз поэзиясынын антологиясын башынан аягына чейин жаттап бүттүм. Ала-Букадагы окуу жайда методист болуп иштеп, айлыгыман топтоп жүрүп “Таңдагы кыялдар” деген ырлар жана аңгемелер жыйнагым чыкты. Асанбай Жусупбеков баш сөз жазып берсе экен деп жөнөтсөм, ал киши “булар ыр эмес” деп кызыл-ала кылып боёп коюптур. Кайра Турсунбай Адашбаев деген агага жаздырдым баш сөзүн. Атам өмүрүндө бир эле жолу “Он мүнөттүк ойлор” деген кат жазыптыр мага. “Балам, сен китеп чыгарам, ыр жазам деп жатасың. Сенин ырларыңда көркөмдүк жок. Хоп, китеп чыгардың дейли, ким окуйт? Өзүң окуйсуң. Байдылда менен Мидинди окубай жатышат сени окумак беле? Консерваторияга окуйм дейсиң. Аны бүтүргөндөн кийин эмне кыласың? Бир оркестрде отурасың аккордеон ойноп. Андан көрө филолог болбойсуңбу. Атайда, Корголдо, Калыкта кайсы билим болуптур? Мугалим да болуп, бир жагынан ырдай бересиң. Ошко барам дейсиң, агайың сенин көңүлүң үчүн которуп коё берет. Анан эмне болосуң, селсаяк болосуң. Анткени, сени бакканга менин каражатым жок азыр. А бул жерде (АлаБукада) ишиң бар, кудайга шүгүр деп окууңду окуй бербейсиңби…”- дептир. Бул 2007-жылы жазылган кат. (2008-жылы атам экөөбүздүн “келишим” боюнча ОшМУга которулуп келдим). Ошол катты былтыр концертимде элге окуп берип жатканда ыйлап жибердим. Ал мезгилде телефон жок. Сары автобус эртең менен айылдан чыгып, Өзбекстан аркылуу 100 чакырымды басып өтүп Ала-Букага кечинде келет. Сары автобусту күтүп кат алышат элек. Атам айдоочулук курсту гана бүткөн, бирок адабий китепти көп окуган адам. Үйдө “Ала-Тоо” журналынын бардык саны тизилип турар эле.