Кыргызстандын аймагында 26-февралда саат 23:56да жер титирөө катталганын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Бедел айылынан түштүк-чыгышка 34 км, Кумтөрдөн түштүк-чыгышка 82 км, Нарын шаарынан түштүк-чыгышка 131 км жайгашкан. Анын күчү Бедел айылында 2,5 баллга сезилди.