2021-жылдын 9-сентябрь күнү, болжол менен саат 19:30да Түп райондук Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Түп айылынын үйлөрүнүн биринен европа улутундагы 40-45 жаштагы эркек адамдын киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факт Жазык кодексинин 130- беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде катталып, алгачкы сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөө тобу окуя болгон жерге барганда, 41-жаштагы К.Е. үйдүн ээси экендиги аныкталып, ал киши колдуу болуп каза тапканы такталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин негизинде, кылмышка шектелип Түп айылынын тургуну 48-жаштагы М.Т. кармалып, ал кылган кылмыш иши боюнча күнөөсүн мойнуна алган. Шектүүнүн каза болгон К.Е. экөө спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишип, аны ур-токмокко алганын айткан. Учурда кармалган жаран Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда соттук медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.