"Эркин-Тоо"

Түптүн айылдарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Бүгүн, 3-августта Түп районунун Байзак жана Кең-Суу айылдарында селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал адамдардын өмүрүн сактоо, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу жана авариялык куткаруу максатында киргизилди.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-августта саат 19:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам Түп районунун Байзак жана Кең-Суу айылдарында сел жүрүп, 18 үйдү кыян каптаган, анын ичинен 9 үйдүн жертөлөсүнө сел суулары кирген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!