"Эркин-Тоо"

Түптүн айылдарында сел жүрдү

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагына караштуу айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-августта  саат 16:00дөр чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын каптаган.

Жеринде маалыматты тактоо, аныктоо максатында Түп райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Учурда 41 куткаруучу иш алып барууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1 жүктөгүчү жана 3 экскаватору тазалоо иштерин аткарып жатат.

Ал эми сел сууларын тазалоо үчүн Балыкчы, Каракол шаарларынын суу сордуруучу мотопомпалары жана авариялык-куткаруу унаасы, оор жүк ташуучу 3 ХОВО унаасы тартылат.

Пример HTML-страницы