"Эркин-Тоо"

Түптөгү селдин кесепеттерин жоюуга 130 куткаруучу тартылды

Бүгүн, 4-августта саат 11:00гө карата Түп районунун Кең-Суу жана Байзак айылдарында селдин кесепеттерин жоюуга 130 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жарандык коргонуу кызматтарынан 29 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 12 адам, жалпы 170тен ашуун адам иш алып барууда.

Техникалык жумуштарды аткарууга ӨКМден 12, Жарандык коргонуу кызматтарынан 8 техника тартылып, учурда тазалоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 2-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен  сел Кең-Суу жана Байзак айылдарда үйлөрдү каптап, бир катар зыян келтирген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!